Кирилл Мерецков

Википедия дан

Мерецков, Кирилл Афанасьевич [26. 5(7. 6). 1897, Москва обласынын азыркы Зарайский району, Назарьев кыштагы— 30. 12. 1968, Москва] — Советтер Союзунун Маршалы (1944), Советтер Союзунун Баатыры (1940).

1917-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөдөн. 1918- жылдан Кызыл Армияда. 1918—20-ж. Граждандык согушка катышкан. Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын ас­кер академиясын бүткөн (1921). Москва, Белорус аскер округдарынын, Кызыл Туулуу Ыраакы Чыгыш өзгөчө армиясынын штабдарынын начальниги, Приволжье жанa Ленинград аскер округдарын башкарган. Ген­штаб начальнигинин орун басары. 1936-37-ж. Испаниядагы граждандык со­гушка катышкан. 1939—40-ж. Совет- финн согушунда 7-армиянын командачысы. 1940-ж. августтан Генштаб начальниги, 1941-ж. СССР Коргоо эл комиссарына орун басары Улуу Ата Мекендик согуштун башында 7-, 4-, 33-армиялардын командачысы катарында Тихвин жанында фашисттик аскерлерди талкалоого кол башчылык кылган. 1941—44-ж. Волхов, 1944-ж. Карел фронтторунун, 1945-жылдын апрелинен Приморье аскер тобунун, 1945- жылдан Биринчи Ыраакы Чыгыш фронтунун командачысы. Манжурияда жанa Түндүк Кореяда япон аскерлерпн талкалашкан. Согуштан кийин При­морье, Москва, Белорус жанa Түндүк ас­кер округдарынын командачысы. 1955—64-ж. СССР коргоо министерствосунда жооптуу кызматтарда. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат (1939—56), КПСС Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү (1956—61). СССР Жогорку Советинин (1—5-шайл.) депутаты. Жети Ленин ордени, «Жеңиш», Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Туу, эки 1-даражадагы Суворов, 1-даражадыгы Кутузов ордендери, медалдар жанa чет элдик бир нече орден, медалдар менен сыйланган.

Сөөгу Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.