Кит Хэриңтон

Википедия дан
Кит Хэриңтон
англ. Kit Harington

Хэриңтон 2019-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Кристофер Кэйтсби Хэриңтон

Туулган датасы:

26 -декабрь 1986(1986-12-26) (37 жаш)

Туулган жери:

Лондон, Англия, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

2008 — азыркы учур

IMDb:

ID 3229685


Кристофер Кэйтсби (Кит) Хэриңтон (англ. Christopher Catesby "Kit" Harington; 26-декабрь 1986, Лондон, Англия, Улуу Британия) — англиялык актер.

Ал Эктон, Лондондо төрөлүп өскөн. Хэриңтон актерлук чеберчиликти театралдык мектептен окуп, ошол эле учурда Улуттук театрдагы "Согуш аты" адаптациясында катышкан. Ал дебюттук түрдө "Сайлент Хилл: Ачылыш" (анг. Silent Hill: Revelation, 2012) тасмасында тартылган. Андан бери ал "Помпей" (анг. Pompeii, 2014), "Ажыдаарыңды кантип машыктырышың керек 2" (анг. How to Train Your Dragon 2, 2014) жана "Жаштыкты эскерүү" (анг. Testament of Youth, 2014) тасмаларында тартылган.

2011-жылдан бери Хэриңтон HBO телеканалындагы "Тактылар оюну" (анг. Game of Thrones ) телесериалында Жон Сноудун ролун аткаруу менен атактуулукка жеткен. Бул ролу үчүн ал 2016-жылы "Primetime Emmy" сыйлыгынын наамына көрсөтүлгөн. Ал эми 2017-жылы ал "Тактылар оюну" сериалынын ар бир эпизоду үчүн 2 миллион фунт табуу менен, телесериалдардагы эң көп төлөнгөн актерго айланган.

The Global Times жүргүзгөн интернет добуш берүүсүнө ылайык көрүүчүлөрдүн көбү режиссер Жеймс Хоң тарткан "Акыркы сеанс" (анг.The Last Seance ) аттуу тасма жана телесериал адаптациясындагы эң сүйүктүү баш каарманы Хэриңтонго добуш беришкен.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]