Клиффорд Гирц

Википедия дан

Клиффорд Гирц (Герц, анл. Clifford James Geertz /ˈɡɜrts/, 1926-жыл 23-август, Сан-Франсизко - 2006-жыл 30-октябрь, Филадельфия) - америкалык антрополог жана социолог, ар түрдүү маданияттарды жана маданият концепциясынын адам концепциясына тийгизген таасирин изилдеген интерпретативдик антропологиянын негиздөөчүсү,

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги эмгектери Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Түндүк Африканын салттуу диндери жана маданияттарына, азыркы дүйнөдөгү салттардын элементтерине арналган. Эдвард Шилз жана Гарвардда окутуучусу болгон Толкотт Парсон менен иштешкен, коомдорду жана дин системдерин изилдөөдө (Р. Белл ж.б.дын) структуралык функционализмге жакын болгон. Бирок адамдын дүйнөгө көз карашы жана дүйнөгө башкалардан бөлөкчө "ахлактык" мамилеси байланышында жамааттык иш аракеттин (салт, жөрөлгө, коомдук кыймылдар) символдук аспектилери анын негизги илимий кызыгуулары болгон. Гирц "символикалык" же "интерпретативдик" антропологиянын негиздөөчүсү болуп калган. Бул багыт өз алкагында герменевтиканын жана тилдин аналитикалык философиясынын ык-мамилелерин өнүктүрөт. Гирцтин "Маданий систем катары дин", "Маданий систем катары идеология", "Маданий систем катары искусство" жана "Маданий систем катары акыл-эс" аттуу корутундулоочу макалалар сериясы таанымал. Анын балиликтердин короз уруштары жөнүндө ("Терең оюн") монографиясы, "Балиде, инсан, убакыт жана жүрүм-турум" аттуу макаласы жана башка бир катар эмпирикалык эмгектери илимий классикага айланды.

Таасир жана таануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XX жылдын аягындагы коомдук илимдерге, маданиятты изилдеген бир катар дисциплиналарга, атап айтканда - жаңы историзм мектебинин калыптанышына (Стивен Гринблатт) таасирин тийгизген. "Эмгектер жана өмүрлөр: Антрополог автор катары" аттуу китеби үчүн Улуттук сын премиясынын лауреаты (1989). Гирцтин китептери түркчө жана кытайча баш болгон көптөгөн тилдерге которулган, университеттердин окутуу программаларына киргизилген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[[Категория:Социология][