Кола жарым аралы

Википедия дан
Кола жарым аралы.
Кола жарым аралы.

Кола жарым аралы - Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батышында. Мурманск облусунда. Басымдуу бөлүгү уюлдук тегеректин түндүк бөлүгүндө. Баренц жана Ак деңиздери менен чулганат. Аянты 100 миң км2дей. Түндүк жээги бийик, жардуу, түштүгү түзөң, жантайыңкы; Терск жээги деп аталат. Батыш бөлүгүндө Хибин тоолору (жарым аралдын эң бийик жери — Юдычвумчор чокусу, бийиктиги 1200,6 м) жана Ловозеро тундрасы (1116 мге чейин), борбордук бөлүгүндө Кейвы жалчалары жайгашкан. Кола жарым аралы тектоникалык жактан Балтика калканынын түндүк-чыгыш четин түзөт. Апатит рудасы (Хибин), глинозём сырьёсу (Кейвы), никель (Печенга, Мончетундра) жана башкалар кендери бар. Климаты Атлантика жылуу агымынын таасиринен салыштырмалуу жылуу. Январдын орточо температурасы түндүгүндө -8°С, борбордук бөлүгүндө -13°С, июлдуку 8-14°С. Босоголуу дарыялары (Поной, Вазуга, Умба, Нива, Тулома) жана көлдөрү (Имандра, Умбозеро, Ловозеро) көп. Түндүгүнө мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүнө токойлуу тундра жана тайга (негизинен мырза карагай, карагай, кайың) мүнөздүү. Күл жана саз, түндүгүндө тундра топурактары басымдуу. Жарым аралдын аймагында Кандалакша жана Лапландия коруктары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]