Колумбия дарыясы

Википедия дан
Колумбия дарыясы.

Колумбия дарыясыКанада менен АКШдагы дарыя. узундугу 2000 км, алабынын аянты 669 миң км2. Аскалуу тоолордогу Колумбия көлүнөн башталып, Тынч океанга куят. Бул жерде узундугу 75 км, аянты 412 км2 болгон эстуарий пайда болгон. Ири куймасы — Снейк (сол). Колумбия платосунан кууш өрөөн аркылуу агып, Каскад тоолорун кесип өтөт. Суусу жаз, жай мезгилдеринде тоодогу кар, мөңгүлөрдүн эришинен ташкындап, кышында тартылат. орточо чыгымы төмөнкү агымында (Те-Далс ш. тушта) 5200 м3/сек, жылдык агымынын көлөмү 164 км3. Колумбия гидроэнергетикалык ресурстарга бай; анда суу сактагычтар жана ири ГЭСтер курулган; АКШда гидроэнергетиканын 50%и Колумбия дарыясындагы ГЭСтерден өндүрүлөт. Ири ГЭСтери: Чиф-Жозеф, Гранд-Кули, Те-Далс, Мак-Нэри жана башкалар 749 км аралыкка чейин кеме каттайт; деңиз кемелери Портленд, биржалар Ричленд шаарына чейин жетет. Боюнан Уэнатчи, Ричленд, Ванкувер, Астория ш. (АКШ) орун алган. Колумбия жана анын жээктери аңчылыкта, балык уулоодо, суу спорту менен машыгууда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]