Коммунисттик интернационал

Википедия дан
3-Интернационал.

Коммунисттик интернационал, Коминтерн, 3-Интернационал – эл аралык уюм (1919—43). 1-, 2-Интернационалдардын мураскору катары пролетардык кыймылдын идеялык саясатын улантуучу болуп саналат. Аны В. И. Ленин уюштурган. Коммунисттик Интернационалдын 7 конгресси (март 1919; июль–август 1920; июнь–июль 1921; ноябрь–декабрь 1922; июнь–июль 1924; июль–сентябрь 1928; июль–август 1935) өткөрүлгөн. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде фашизмге каршы күрөш жүргүзүүнүн башкы демилгечиси катары белгилүү. Ошону менен бирге коммунисттик партиялардын жаңы, татаал шартта иштеши биригүүнүн жаңы уюмдашуу формаларын талап кылган. Ушуга байланыштуу 1943-ж. 15-майда Коммунисттик Интернационалдын Аткаруу Комитетинин Президиуму Коммунисттик Интернационалды таратуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]