Иван Конев

Википедия дан
Конев Иван Степанович‎»‎ барагынан багытталды)

Конев Иван Степанович [16 (28). 12. 1897, Россия империясы, Вологда губерниясы, Лодейно кыштагы – 21. 5. 1973, СССР, Москва шаары] – Советтер Союзунун маршалы (1944[1]), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945), 1-дүйнөлүк (1914–18) жана Жарандык согуштун (1918–20) катышуучусу. 1918-жылдан Кызыл Армияда. Жарандык согушта Колчак аскерлерине, япон интервенттерине каршы күрөшкөн, Кронштадт козголоңун (1921) басууга катышкан. Аскер академиясынын жогорку курсун бүткөн соң (1926) полктун жана дивизиянын командири. 1934-ж. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1934—41-жылдары аткычтар дивизиясынын, корпустун, аскер округдарынын командачысы. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде 19-армиянын, андан соң Батыш, Калинин, Түндүк-Батыш, Талаа, 2-, 1-Украин фронтторунда аскер командачысы. 1945–46-жылдары советтик аскерлердин Германиядагы борбордук тобунун башкы командачысы жана Австрия боюнча жогорку комиссар, 1946–50-жылдары кургактагы аскерлердин башкы командачысы, СССР Куралдуу Күчтөр министринин орун басары, 1950–51-жылдары Советтик Армиянын башкы инспекторуаскер министринин орун басары, 1955–60-жылдары Коргоо министринин 1-орун басары, Варшава келишимине (1955) кирген өлкөлөрдүн бириккен куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы, 1961–62жылдары Германиядагы советтик аскерлер тобунун Башкы командачысы, кийин СССР Коргоо министрлигинде генералдык инспекторлор тобунда ж. б. аскердик жооптуу кызматтарда иштеген. СССР Жогорку Советинин (1ф 8шайланышынын) депутаты. Жети Ленин, Октябрь Революциясы, «Жеңиш», үч Кызыл Туу, 1-даражадагы эки Суворов жана эки Кутузов, Кызыл Жылдыз ордендери жана чет өлкөлүк он үч орден жана медалдар менен сыйланган. Сөөгү Кремль дубалына коюлган. Туулган жерине коло айкел тургузулуп, Аскер-Деңиз Флоту министрлигинин кемесине, Москва, Донецк, Славянск, Харьков, Черкассы, Кировоград шаарларындагы бирден көчө анын ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении генералу армии Коневу И. С. военного звания маршала Советского Союза» от 20 февраля 1944 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1944. — 29 февраля (№ 12 (272)). — С. 1