Константин Ушинский

Википедия дан
Константин Дмитриевич Ушинский‎»‎ барагынан багытталды)

Константин Дмитриевич Ушинский - Россияда илимий педагогикага негиз салган окумуштуу педагог.

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К. Д. Ушинский 1824-жылы 2-мартта Тула шаарында туулган.Ал Новгород - Северскийдеги гимназияны бүткөндөн кийин Москва университетинин юридикалык факультетине кирип окуйт.1870-жылы дүйнөдөн кайткан.

Кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1846-жылы Ярославскийдеги юридикалык лицейде кафедранын жетекчиси болуп иштеп жүргөндө «профессор ишенимден чыгып калды» деген жалган айыптан кийин «Современник» (1852-54) жана «Библиотека для чтения» (1854-55) журналдарына иштеп кеткен. 1854-жылдан Гатчина жетимдер институтунда орус сөз өнөрү жана укук сабагы боюнча окутуучу, 1859-жылдан Смольный институтунда инспектор, 1860-жылы «Журнал министерство народного просвещенияга» редактор болгон.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К. Д. Ушинский ошол мезгилдеги эл агартуучулук боюнча бир нече макалаларды жарыялаган. Демократиялык көз караштарын жактырбаган реакциячыл адамдар аны чет мамлекетке кетишине мажбур кылышат. Ушинский үй-бүлөсү менен Швейцарияда жашап, ошол жерден эл агартуучулук ишти түп-тамырынан бери изилдеп чыгып, «Швейцариядан каттар» аттуу атактуу эмгеги менен педагогикалык илимге зор салымын кошкон. Анын идеясы зл агартууда реформа жүргүзүү үчүн элдин күрөшүнө таяныч болот. Ошондой эле балдар менен кыздарды зне тилинде жалпыга милдеттүү окутууну жактап, тарбияны коомдук көрүнүш деп эсептеген.1867-жылы Россияга кайтып келгенден кийин жазган «Адам тарбиясынын предмети» деген эмгеги көп жылдар бою педагогдор жана психологдор тарабынан жетекчиликке алынып, азыркы мезгилде дагы маанилүү илимий эмгек болуп келет.

Медалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылы ССР ЭКСи «К.Д. Ушинский медалын» уюштурган. Эмгеги менен айырмаланган көрүнүктүү мугалимдер, педагогика илиминин ишмерлери бул медаль менен сыйланышат.

Пайдаланылган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

УШИНСКИЙ К.Д. // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Т. 6. - Ф., 1980. - Б. 198.; САРТБАЕВ К. Педагогика илиминин керүнүктүү өкүлү // Эл агартуу. - 1974. - ,№5. - Б. 47-54; УШИНСКИЙ К.Д. //Ленинчил жаш. - 1974. - № 3. - Б. 2.