Константин Сергеевич Новоселов

Википедия дан
Константин Новоселов (2013).

Сэр Константин Сергеевич Новоселов (1974-жылы 23-августта СССР, Нижний Тагилде туулган) - орусиялык жана англиялык физик. 2010-жылкы химия боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (Андрей Гейм менен бирге), 2011-жылдан тартып Лондон падышалык коомунун мүчөсү.

2016-жылдын октябрына чейин эмгектерине 112 000 цитата кылынган. Хирш индекси - 86. Thomson Reuters версиясына ылайык 2014-жылдын эң таасирдүү окумуштуулар рейтингинин алдыңкы саптарына кирген.

2011-жылы 31-декабрда II Элизабет канышанын буйругу менен илимге кошкон салымы үчүн ага бакалавр-рыцары наамы ыйгарылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Константин Новоселовдун негизги илимий жетишкендиктери мезоскопиялык физика жана нанотехнологиялар жаатына таандык.

2004-жылы жетекчиси Андрей Гейм менен бирге көмүртектин аллотроптуу мадификациясын тапкан. Графен деп аталган бул зат бир атомдуу көмүртек катмары болуп эсептелет.

Константин Новоселов Манчестердеги Улуттук графен институтунун концепциясын иштеп чыккан окумуштуулар тобун жетектеген. Бул топ кийин институттун дизайнын, ишке киргизилишин жана ачылышын тейлеген. Новоселов бир нече уникалдуу архитектуралык жана техникалык чечимдерди сунуштаган. Атап айтканда, Улуттук графен институтунун жабуусу Новоселов менен Геймдин алгачкы эмгектериндеги формулаларды элестетет.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]