Коралл деңизи

Википедия дан
Коралл деңизи.

Коралл деңизи (Coral Sea) – Тынч океандагы жартылай туюк деңиз. Австралиянын, Жаңы Гвинеянын, Жаңы Коледониянын жээктерин чулгайт. Торрес кысыгы аркылуу Инди океаны менен туташат. Аянты 4068 миң км2. Эң терең жери 9174 м. Коралл (Шуру) аралдары жана рифтери (анын ичинде Чоң Тоскоол рифи) көп. Суусунун температурасы түштүктө 19°Сден (август) 24°Сге чейин (февраль), түндүгүндө 28°Сге чейин. Туздуулугу 35,5%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 7,2 м чейин). Башкы порттору: Кэрнс (Австралия), Порт-Морсби (Жаңы Гвинея аралы), Нумеа (Жаңы Коледония аралы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]