Коровин, Константин Алексеевич

Википедия дан

Коровин, Константин Алексеевич (1861–1939) – орус живописчиси. Москвадагы живопись, ийчилик жана зодчество окуу жайында (1875–86) А. К. Саврасов менен В. Д. Поленовдон окуган. 1882-ж. Петербург сүрөт академиясын бүтүргөн. Адегенде Москвада, 1923-жылдан чет өлкөдө иштеген. С. И. Мамонтовдун опера театрында “Аида” (1886), “Садко” (1897), “Юдифь” (1898) операларын, Москвадагы Чоң театрда “Суу периси” (1900) опера жана балеттерин жасалгалаган. 1901–18-ж. Москвадагы живопись, ийчилик жана зодчество окуу жайында окутуучу. А. М. Герасимов, С. В. Герасимов, Б. В. Иогансон, П. В. Кузнецов жана башка андан таалим алган. Чет өлкөдө “Гранд-Опера” (Париж), “Ковент Гарден” (Лондон) жана башка театрларда иштеген. Ал – орус живописиндеги пленэрдин көрүнүктүү чеберлеринин бири. Пейзаждык, портеттик жана жанрдык сүрөттөрдүн автору катары да таанымал (“Түндүк идиллия”, 1886; “Балкон жанында”, 1888-89; “Кышында”, 1894, баары Третьяков гал.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]