Костюшко Тадеуш Анжей Бонавентура

Википедия дан
«Рацлавицанын салгылашуу»;— Лука Вбицех кылкалеминен жаралган; Музей профессионалдык миниатюралык искусство Генрик Ян Доминиак

Костюшко Тадеуш Анжей Бонавентура (поляк тилинде Andrzej Tadeusz Bonawentura Kościuszko; беларус тилинде Андрэй Тадэвуш Банавентура Касцюшка; 4. 2. 1746, Улуу Литва княздыгы, Брест воеводугу, Меречевщина кыштагы – 15. 10. 1817, Швейцария, Золотурн, сөөгү Вавелага коюлган) – польшалык саясий жана аскер ишмери. Варшавадагы рыцар мектебин (1769), Париждеги аскер академиясын (1774) бүткөн. 1776-ж. АКШга кетип, Түндүк Америкадагы көз карандысыздык үчүн согушка (1775–83) катышкан. Саратоганын алдындагы салгылашта (1777) америкалыктарга жардам берип, Вест-Пойнт форту ж. б. коргонуу курулуштарынын планын иштеп чыккан жана жетектеген, бригада генералы (1783) наамын алган. 1784-ж. Польшага кайтып келип, генерал-майор (1789), 1792-ж. орус аскерлерине каршы согушуп, генерал-лейтенант наамын алган. 1794-ж. Польша көтөрүлүшүнүн башталышы жөнүндө жарыялап, улуттук куралдуу күчтөрдү жетектеп, Рацлавицанын алдындагы салгылашта орус аскерлерин талкалаган. 1794-ж. 10-октябрда Мацеёвицтин алдындагы салгылашта жарадар болуп, туткунга түшкөн. 1796-ж. орус падышасы Павел I Т. Костюшкону (аны менен 12 миң поляк) эркиндикке чыгарган. Т. Костюшко Россияга каршы күрөшпөөгө ант берип, АКШга кеткен. 1798-ж. Парижге кайтып, өмүрүнүн акыркы жылдарын Швейцарияда өткөргөн. Костюшконун ысмы 1943-ж. СССРде түзүлгөн Польша аскеринин 1-жөө аскерлер дивизиясына ыйгарылган. Польшада, АКШда Костюшкого эстелик коюлган. Австралиядагы эң бийик тоо (2230 м) Костюшконун атынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]