Кристен Стюарт

Википедия дан
Кристен Стюарт
Kristen Stewart
Төрөлгөндөгү ысымы:

Кристен Жеймс Стюарт

Туулган датасы:

9 -апрель 1990(1990-04-09) (33 жаш)

Туулган жери:

Лос-Анжелес шаары, АКШ

Жарандыгы:

 АКШ

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1999 - азыркы учурда

Сыйлыктары:

BAFTA (2010), «Сезар» (2015)

IMDb:

ID 0829576

kristenstewart.com
Актрисанын кол жазмасы

Кристен Жеймс Стюарт (англ. Kristen Jaymes Stewart; 1990-жылы 9-апрелде төрөлгөн) - америкалык актриса жана модель. Кристен Стюарт бой жеткенге чейин эле 18 тасмага тартылган. Бирок миллиондогон гонорарларга жеткирген даӊгыр жолду ага актёр Роберт Паттинсон менен ойногон популярдуу «Күүгүм» тасмасы ачып берген.

Биография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кристен Стюарт тасма аянтчасы, шоу деген сөздөрдү бала кезинен угуп чоӊойгон. Атасы Жек Стюарт америкалык телеканалдардагы бир нече шоу программалардын продюсери болсо, апасы Жулс Мэнн-Стюарт сценарист. Бир күнү мектеп спектаклинде ойноп жаткан Кристен Голливуд агентинин көзүнө түшөт. Ал Кристендин ата-энесине кайрылып, кызынын актёрдук жөндөмүн өркүндөтүүсүн сунуштайт. Башында каршы болгон ата-эне бул сунушка акыры көнүп, Кристен Стюартты кастингдерге алып бара башташкан. Ошентип 9 жашында Кристен «Суу перисинин уулу» («Сын русалки») тасмасында роль жаратып, актриса катары жарк этип чыга келет. Стюарт 2000-жылы «Коркунуч бөлмөсү» («Комната страха») тасмасына чакыруу алат. Анда актриса Жоди Фостер, Форест Уитакер өӊдүү дасыккан кино актёрлор менен чогуу тартылып, алардын көлөкөсүндө калбай, ролун майын чыгара аткарган. Андан кийин Шэрон Стоун жана Деннис Куэйд менен «Азезил үйү» («Дьявольский особняк») тасмасында ойногон. Кристен жылдызы жанчу маалды көп күткөн жок. Ага атактуулукту тартуулаган «Күүгүм» тасмасы 2008-жылы дүйнөлүк прокатка чыккан. Андагы Белланын образын жаратуу үчүн Кристен жашыл көзүн жашырып, күрөӊ түстөгү линза кийген. Бул тасмадан алган 2 миллион доллар гонорарына Лос-Анжелестен заӊгыраган үй сатып алып, үй-бүлөсүн көчүрүп кеткен.

Фильмография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лос Анжелесте шоу-бизнесте иштеген үй-бүлөдө туулган Стюарт өзүнүн чыгармачылык жолун 1999-жылы атак алып келбеген бир нече тасмаларда тартылуудан баштаган. 2002-жылы "Коркунуч бөлмөсү" (англ. Panic Room) деген триллерде Жоди Фостердин кызынын ролун ойноп, "Young Artist Award" сыйлыгынын "Көркөм фильмдеги башкы ролду ойногон эң мыкты актриса" номинациясына талапкер болгон. Актриса "Сүйлө" (англ. Speak, 2004),) "Баланы токтот" (англ. Catch That Kid, 2004), "Затура" (Zathura, 2005) тасмаларине тартылып, "Катаал шартта" ( англ.Into The Wild, 2007) тасмасындагы ролу үчүн АКШ кионактерлер Гильдиясынын сыйлыгына талапкер болгон. Ал эла аралык атак-даңкка "Күүгүм" (англ. Twilight Saga, 2008-2012) фэнтези тасмасында Белла Свандын ролун ойноо аркылуу жеткен, фильм дүйнөлүк прокатта $3, 3 миллиард доллар киреше тапкан.

Кристен Стюарт "Жоруктар өлкөсү" (англ. Adventureland, 2009), "Качкындар" (англ. The Runaways, 2010), Аппак кыз жана Мергенчи (англ. Snow White and the Huntsman, 2012), "Жолдо" (англ. On the Road, 2012), "Рентген лагери" (англ. Camp X-Ray, 2014), Дагы деле Алиса (англ. Still Alice, 2014 ) жана "Бирдей" (англ. Equals, 2015) тасмаларында тартылган. Ал 2010-жылы Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Жаңыдан чыгып келаткан эң мыкты актриса" (Best Rising Star) сыйлыгын, "Райлилер үй-бүлөсүнө кош кел" (англ. Welcome to the Rileys, 2010) тасмасындагы ролу үчүн Эл аралык Милан кинофестивалында "Эң мыкты актриса" номинациясын жеңип алган. 2015-жылы "Зилс-Мария"(англ. Clouds of Sils Maria) тасмасында Жюлет Бинош менен бирге тартылган ролу үчүн бир нече сыйлыктарды жеңип алган, анын ичинде "Эң мыкты актриса" номинациясында Франциянын "Цезарь" улуттук кино сыйлыгына татыктуу болгон. 2016-жылы сценарийи Оливер Ассаяс тарабынан Кристен Стюартка арналып жазылган "Жеке кардар" (англ. Personal Shopper) аттуу тасмада ойногон. Бул режиссер менен актриса мурда дагы бир фильмде иштешкен.

Жөнөкөй актирса[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стюарт чыныгы жылдызга айланганы менен, атактуулук жана анын ар бир кадамын аӊдыган папараццичилер актрисанын жөнөкөйлүгүн өзгөртө алган жок. Кристен гранж стилин жактыргандыктан күнүмдүк жашоодо жынсы менен кеда, жөнөкөй футболка эле кийип жүрөт. Фанаттары анын Голливудга өөн учураган мына ушул жөнөкөйлүгүн баалашат. Эл алдына чыккан күндөн тарта кандай гана иш-чара болбосун алар талап кылган дресс-кодду актриса тоготпой келет. «Бала кезде мени кызыктай кыз деп эсептешчү. Мен бант, жылтыраган кофталарды жек көрчүмүн. Азыр да гламурдан алысмын. Балким, кече көйнөктөрүндө, бийик такалуу туфлилерде элеганттуулук бардыр, бирок алар ыӊгайсыз»,- дейт Кристен. Анткен менен кинофестивалда, кызыл килемде алдыӊкы дизайнерлердин колунан чыккан көйнөктөрдү кийген актрисанын келишкен келбетин көрүп келебиз. Голливуд элитасына жолдомо алган Стюарт өзүн чеги менен алып жүрүп, жаманатты болгондон коргонуп келет. Бирок журналисттер анын марихуана чегип жатканын кармап алганы бар. Бул жоругу үчүн фанаттардан кечирим сурап, "экинчи көӊүл иренжиткен кылыктарды кылбайм" деп сөз берген.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кристен жеке жашоосу тууралуу ачылып айта бербейт. Ошентсе да Голливуддун жылдызы, миллиондогон мырзаларды суктандырган жаш актрисаны папараццичилер көз жаздымда калтырбайт. Ал алгач «Сүйлө» («Говори») тасмасындагы өнөктөшү, актёр Майкл Ангарано менен 5 жылга чукул мамиле курган. Кийин Кристенге «Күүгүм» тасмасы дүйнөлүк атак-даӊк гана алып келбей, Роберт Паттинсонго болгон жаӊы сүйүүнү да тартуулаган. Алар биринчи жолукканда Роберт 20, Кристен 16 жашта эле. Тасманын биринчи бөлүгүнүн режиссёру Кэтрин Хардвик: «Роберт Кристенди жылуу карап жатканы эсимде. Анан Робертке бул кыз менен мамиле курам деп ойлобой эле кой, ал 18ге толо элек, камалып кетесиӊ дегем»,- дейт. Алардын романтикалуу сүйүүсү бактылуу аяктаган жок. Ортодо чоӊ чыр орун алып, Кристен менен Роберттин мамилесине чекит коюлду. Буга Кристендин «Белоснежка жана мергенчи» тасмасынын режиссёру Руперт Сандерсон менен мамиле куруп, Роберттин көзүнө чөп салганы себеп болгон. Жаӊжал олуттуу болгондуктан, Кристенге оӊой болгон жок. «Мен өзүмдүн бөлмөмө камалып алып, эч ким менен сүйлөшкүм келген эмес. Анткени башкалар эмне деп ойлоп жатканын билсем акылымдан айнымакмын»,- деп эскерет актриса. Учурда актриса өз бактысын жардамчысы Алисия Каргайл деген айымдын кучагынан издөөдө. Стюарттын кыз бала менен куруп жаткан мамилесин колдогон 55 жаштагы апасы Жулс Мэнн-Стюарт: «Менин оюмча, адамда сүйүү эркиндиги болушу керек. Кызымдын эркектерди да, айымдарды да жактырарын түшүнүү менен кабыл алдым»,- деген. Азыр актриса жигиттей болуп кийинип, өзүнүн бисексуал экенин жашырбайт. Психологдор болсо Кристендин бул кадамын ийгиликсиз сүйүү менен байланыштырууда. Алардын айтымында, сүйүктүү мырзасы менен кол үзгөн айымдар аларды баарынан жакшы түшүнгөн аялдын кучагында өздөрүн жубаткысы келишет экен

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]