Александр Куприн

Википедия дан
Куприн, Александр Иванович‎»‎ барагынан багытталды)
Алекандр Куприн
Туулган датасы:

7 -сентябрь 1870(1870-09-07)

Туулган жери:

Наровчат шаары, Пензенская губерния, Орус падышалыгы

Өлгөн датасы:

25 -август 1938(1938-08-25) (67 жаш)

Өлгөн жери:

Ленинград

Жарандыгы:

 Орусия,
 Франция,
 ССРС

Ишмердүүлүгү:

{{{Ишмердүүлүгү}}}

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Чыгармалары Уикитекада.

Алекса́ндр Ива́нович Купри́н ( 7- сентябрь 1870, Наровчат — 25 -август 1938, Ленинград) — орус жазуучусу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1870-жылдын 26- августунда Пенза губерниясынын Наровчате уезддик шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй бүлөсү -дворяндар, атасы чиновник Иван Иванович Куприн (1834-1871) баласы бир жашка тогондо каза болгон. Апасы Любовь Алексеевна (1838-1910), төрөлгөндөгү фамилиясы Кулунчакова, татар княздарынын урпагынан. Жолдошу каза болгон соң, болочок жазуучунун балалыгы өткөн Москва шаарына көчүп келет. 6 жашында Москвадагы Разумов пансионуна берилип, 1880-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы Экинчилик Москва Кадетик корпусуна окууга өтөт.


Куприн жана Елизавета Морицевна Куприна


1887-жылы Александровск аскердик окуу жайына өтөт. Өзүнүн аскердик жаштыгын «Сыныкта (На преломе)» повестинде жана «Юнкер» романында чагылдырат.


Биринчи адабий тажрыйбаны ал ыр жазуу менен баштайт. Бул ырлары эл арасында жайылбастан кала берген. Эл арасына коюлган биринчи чыгармасы - «Акыркы дебют» (Последний дебют) чыгармасы болгон. Ал 1889-жылы чыгарылган.


1890-жылы Куприн подпоручик чини менен Подольск губерниясндагы 46-чы Днепровск пехоталык полкуна кабыл алынат. 4 жыл бою өткөргөн офицердик жашоосу, келечекте жазыла турган чыгармаларына бай маалыматтарды берген.


1894-жылы Куприн отставкага чыгып, эч кандай граждандык кесипке ээ болбой Киев шаарына көчүп кетет.Кийинки жылдары Орусия боюнча көп кыдырат. Көптөгөн кесиптер менен алектенип, келечекте жаралган чыгармаларынын негизин жашоонун таасирлеринен алып жатты.


1890-жылы «Юзов заводу» (Юзовский завод) очеркин жана «Молох» повестин, «Түнт токой» (Лесная глушь) аңгемесин, «Олеся» жана «Кэт» повестерин, 1901-жылы «Кубулма киши» (Оборотень) аңгемесин эл сынына койгон.


Ошол жылдары Куприн Бунин, Чехов, жана Горький менен таанышат. 1901-жылы Петербург шаарына кетип, «Баары үчүн журналдын» (Журнал для всех) секретары болуп иштей баштайт. Петербург журналдарында Куприндин «Саз» (Болото) (1902), «Жылкы уурдоочулар» (Конокрады)(1903), «Ак пудель» (Белый пудель) (1903) аңгемелери басылып чыгарыла баштайт.

А. И. Куприн жана Ф. И. Шаляпин. Петербург. 1911 ж.

1905-жылы анын ийгиликтүү чыгармасы - «Күрөш» (Поединок) повести чыгат. Бул повести чоң ийгиликтерге ээ болот. Повесттин главаларын окуп чыкканы шаардыктардын маданияттуу жашосуунун бир четине айланган. Ошол кедеги анын башка чыгармалары: «Штабс-капитан Рыбников» (1906),«Өмүр дайрасы» (Река жизни), «Гамбринус» (1907) аңгемелери, «Севастополдогу окуялар» (События в Севастополе) (1905) очерки.


Эки төңкөрүш учурунда Куприндин чыгармачылыгы ошол учурдагы кыйынчылыктарга каршы тура алды: «Листрогондор» (Листрогоны) (1907-1911) очерктердин циклы, жаныбарлар жөнүндөгү аңгемелери, «Суламифь» (1908), «Анар билерик» (Гранатовый браслет) (1911) аңгемелери. Анын прозасы орус адабиятындагы белгилүү болуп калды.

Куприндин кол тамгасы

1915-жылы Куприн «Аң» (Яма) повестиин үстүндө иштеп бүтөт. Ал повестте орусиялык пахишаканадагы проституткалардын жашоосу туралуу чагылдырылат. Повесть өзүнүн ашык натурализми үчүн айыптоого алынган.


Большевиктер бийликке келген соң, Куприн аскердик коммунизм саясатына аралашпады. 1918-жылы айыл үчүн «Жер» (Земля) гезитин чыгаруу сунушу менен Ленинге жолуккан. Горький негиздеген «Дүйнөлүк адабият» (Всемирная литература) басмаканасында иштейт. Камакка алынып, үч күн тюрьмөдө отурган. Бошотулуп, заложниктердин тизмесине киргизилген.


Гатчинада жашаган. Кийинчерээк чет өлкөгө чыгып кетет. 17 жыл Парижде жүргөн. Ошол учур Куприндин чыгармачылыгынын жемиштүү убактарынан болгон.


1938-жылы 25 -августка караган түндө оорунун айынан каза болот. Ленинградда Тургеневтин мүрзөсүнүн жанына коюлган.

Чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Александр Иванович Куприн өз атасын билчү эмес. Анткени атасы каза болгон кезде ал болгону эки жашка чыккан. 1874-жылы кичинекей Саша өз энеси менен бирге Москва

Олеся чыгармасы

шаарына көчүп келип, Купринск аянтындагы үйлөрдүн бирине жайгашышат. Куприндин балалыгы жана жашоодо өз ордун табууда чоң эмгекти энеси Любовь Алексеевна Куприна (төрөлгөндө татар княжнасы Куланчаково) салган. 1877-жылы кедейчиликтин айынан Любовь Алексеевна баласын Александровск жетимдер окуу жайына киргизет. Окуу жайда көптөгөн адамдардан кор болгондуктан ал жактан качып чыгат. Бирок эки күндөн соң кайра кайтып келет. 1880-жылы Экинчи москва аскердик гимназиясына өтөт. 1888-жылы аны аяктап, ошол эле жылы Москвадагы Үчүнчү Александровск юнкердик окуу жайга тапшырып өтүп кетет. Окуу жайда шарттар начар болгондугуна карабастан ошол жерде адабиятка болгон сүйүүсү күчөйт. 1889-жылы «Орус сатиралык баракча» (Русский сатирический листок) журналында Куприн «Акыркы дебют» (Последний дебют) аңгемесин жарыялайт. 1890-жылы Подольск губерниясынын Проскуров шааарында жайгашкан 46-чы Днепетровск пехотту полкко өтөт. 1893-жылы Куприн «Вхотьмах» повестин жана «Айлуу түндө»(Лунной ночью), «Дознание» аңгемелеринин үстүндө эмгектенип бүтөт. Днепетровск полкундагы казармада жашоосу Купринге чыдагыс боло баштап, отставкага чыгат. «Кармаш» (Поединок) чыгармасынын негизги каарманы, аскердик даңкты кыялданган Ромашов да Куприндей болуп отставкага чыгат. Отставкага чыкан соң, 1894-жылы Куприн Киевке барат. Ал Киевтеги көптөгөн журнал, гезиттерде чыгармаларын чыгарып, көптөгөн аңгеме, очерк, заметкаларды жаратат. Анын эмгектеринин катарына «Киев типтери» (Киевские типы)(1896-ж.) очерки жана «Миниатюралар»(Миниатюры) (1897-ж.) аңгемелери кошулат. 1896-жылы Куприн жумушчулардын жагдайы тууралуу очерктердин циклын жазып жаткан, ошол эле учурда Куприндин чыгармачылыгындагы биринчи чоң эмгегинин, «Молох» повестинин негизги идеялары пайда болот. 1897-жылы Куприн Волынск губерниясынын Ровенск уезддиндеги байдын ээлигинде башкаруучу болуп иштейт. Бул жерден калган таасирлер «Олеся» повестини негизине кирет. 1901-жылы Куприн Петербургка келет. 1897-жылы Александр И. А. Бунин менен, анан бир нече убактан кийин А. Н. Чехов менен, 1902-жылы Куприндин чыгармачылыгын баалап, байкап жүргөн М. Горький менен таанышат. Горький жетектеп турган «Билим»(Знание) басмаканасы 1903-жылы эл тараптан жакшы кабыл алынган Куприндин аңгемелеринин биринчи томун жарыкка чыгарат. 1902-жылы Куприн Мария Карловнага үйлөнөт. Айрым убак «Мир Божий» редакциясы менен кызматташып, «Циркте» (В цирке), Саз (Болото) (1902-ж.), «Корь» (1904), «Көчөдөн» (С улицы) (1904) чыгармаларын эл сынына койот. 1905-жылы «Кармаш» (Поединок) повестин аягына чыгарат.

Библиография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Александр Куприндин чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Басылмалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А. И. Куприн. Полное собрание сочинений в восьми томах. — СПб.: Издание А. Ф. Маркса, 1912.
  • А. И. Куприн. Полное собрание сочинений в девяти томах. — СПб.: Издание А. Ф. Маркса, 1912.
  • А. И. Куприн. Рассказы. — Л.: Лениздат, 1951.
  • А. И. Куприн. Собрание сочинений в 6 тт. — М.: Художественная литература, 1958.
  • А. И. Куприн. Собрание сочинений в 9 тт. — М.: Правда, 1964.
  • А. И. Куприн. Собрание сочинений в 5 тт. — М.: Правда, 1982.
  • А. И. Куприн. Собрание сочинений в 11 тт. — М.: Терра-Книжный клуб «Литература», 1998. — ISBN 5-300-01806-6
  • А. И. Куприн. Париж интимный. — М.: Эксмо, 2006. — ISBN 5-699-17615-2
  • А. И. Куприн. Полное собрание сочинений в 10 тт. — М.: Воскресенье, 2006—2007. — ISBN 5-88528-502-0
  • А. И. Куприн. Собрание сочинений в 9 тт. — Москва: Книжный Клуб «Книговек» ( Литературное приложение «Огонёк»), 2010. — ISBN 978-5-904656-05-8
  • А. И. Куприн. Гранатовый браслет. Повести. Сост. И. С. Веселовой. Вступительная статья А. В. Карасёва. — Харьков: Книжный Клуб «Клуб Семейного Досуга»; Белгород: Книжный клуб «Клуб Семейного Досуга», 2013. — 416 С.: ил. — (Серия «Великие шедевры мировой классики»). — ISBN 978-5-9910-2265-1

Эстеликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Куприндин аты менен Орусияда 7 отурукташкан жай, Орусиянын шар жана айылдарында 35 көчө жана кыска көчөлөр аталаган.
  • Куприндин мекени болгон Пенза облустундагы Наровчати айылында 1981-жылдын 8 сентябрында дүйнөдөгү жалгыз Куприндин үй-узейи жана Орусиядагы эң биринчи эстелиги Тургузулган.
  • Гатчинада Куприндин атын борбордук шаардык китепкана (1959-жылдан тарта)жана Мариенберг районунун көчөлөрүнүн бири алып жүрөт. Ошондой эле 1989-жылы шаарда В.В. Шевченконун эмгегинен жаралган Куприндин эстелиги тургузулган.
  • 1894-1896-жылдары Куприн жашаган Киевтеги Сагайдачный көчөсүнүн №4 үйүнө 1958-жылы мемориальдуу такта ачылган. Киевте Куприн атындагы көчө бар.
  • Санкт-Петербургта А. И. Куприн бат-бат болуп турган Вена ресторанынын ордуна «Старая Вена» кичи-отели ачылып, анын ичиндеги бир номер тоулугу менен Куприндин чыгармачылыгына жана жашоосуна арналган. Ошол эле жерде Куприндин раритеттүү китептери жана көптөгөн архивтик сүрөттөру жайгашкан.
  • 1990-жылы Балаклавта Куприн эки жолу жашаган Ремизов районунда мемориальдуу тактайча жайгашкан. 1994-жылдан тарта жазуучунун атын №21 балаклав китепканасы алып жүрөт. 2009-жылдын майында скульптор С. А. Чиждин эмгегинен жаралаган эстелик ачылган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Давыдова Мария Карловна (25 март 1881—1960) — биринчи аялы, виоленчилист Карл Юрьевич Давыдовтун жана «Мир Божий» журналынын бастыруучусу Александра Аркадьевна Горожананын кызы.
  • Куприна, Лидия Александровна (3 январь 1903—23 ноябрь 1924) — биринчи никедеги кызы. Гимназияны бүтүргөн. Он алты жашында Леонтьевке турмушка чыгат. Бирок жылдыздары төп келишбей бир жылдан кийин ажырашышат. Балас ыон айга толгондо каза болуп калып, баласы Бористин колунда өсөт.
  • Гейнрих Елизавета Морицовна (1882—1942) — экинчи аялы ( 1907-жылдан тарта, 16 август 1909 жылы үйлөнүшкөн). Пермь фотографы Мориц Гейнрихтин кызы, актриса Мария Абрамованын (Гейнрих) сиңдиси. Ленинградды курчоого алып жатканда өзүнө кол салган.
  • Куприна Ксения Александровна (21 апрель 1908—18 ноябрь 1981) — экинчи никедеги кызы. Модель жана актриса. Поль Пуардин мода үйүндө иштеген. 1958-жылы Франциядан СССРге көчүп келет. Москвадагы А. С. Пушкиндин театрында ойнойт. Ата-энеси менен бирге көмүлгөн.
  • Куприна Зинаида Александровна (6 октябрь 1909—1912) — экинчи никедеги кызы, өпкө оорусунан кза болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]