Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы

Википедия дан
Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы

Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы — мамлекеттик башкы китепкана. 1934-жылы Кыргыз АССР ЭКСтин чечиминин негизинде китепкана катары ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. 1939-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы боюнча Н. Г. Чернышевскийдин ысмы берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-октябрындагы №486 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы статусун алган. Мамлекеттин башкы китепканасы аталып, улуттук мурастар сакталган. Кыргызстандагы китепканалардын ишин, кооперация жана координациянын негизги багыттарын өнүктүрүү борбору; китепканалар аралык абонементтин (МБА) улуттук системасынын, эл аралык электрондук камсыздоо-берүүлөрдүн (ЭВА) жана китепкана ишинде инновациялык технологияларды киргизүү жана улуттук коммуникация тармагын түзүү борбору, ошондой эле Кыргызстандагы бардык китепканалардын илимий-методикалык борбору катары илимийизилдөөчү мекеме болуп эсептелет. Китепкана 2011—15-жылдардагы өнүгүүнүн стратегиясын; эл аралык донорлор менен долбоорлук иштөөнү өнүктүрүү; уюштурууну жана башкарууну жакшыртуу; иштөөнү техникалык жана технол. модернизациялоо; жаңы моделде тейлөө; китепкана фонддорун калыптандыруу максаттарын ишке ашырууда. Китепкана фондунда 6 млн басылма ж. б. маалыматтык ресурстар бар. Жылына 300 миңге жакын окурмандар тейленип, 1 млн басылма пайдаланууга берилет. Жыл сайын 700гө жакын маалымдоо-массалык иш-чаралары өткөрүлөт. Китепкана бардык тармактар боюнча басылмаларды берет, библиографиялык суроо-талаптарды аткарат, суроолор боюнча адабияттардын тизмесин түзөт жана актуалдуу электрондук ресурстардан пайдаланууну камсыздайт. Түрдүү тармактар боюнча дифференцияланган 16 окуу залында 1000ден ашык окурмандык орун бар. Орто эсеп менен күн сайын 600дөн 1000ге чейин окурман тейленет. Фонддо 90 тилдеги 6 млнго жакын адабият бар. Жыл сайын китепканага орто эсеп менен 20—25 миң нуска түрдүү басылмалар алынат анын ичинде карта, нота, кол жазмалардын, сейрек кездешүүчү китептердин, сүрөт басылмалардын, диссертациялардын, гезит-журналдардын, патенттик жана нормативдик-техникалык документтердин атайын түрлөрүнүн, укма, көрмө материалдардын ж. б. жыйнактары бар. Маалыматтыкиликтөө аппараты 40тан ашык карточкалык жана электрондук формадагы каталогдордон жана картотекалардан турат. Электрондук каталогдор ресурсуна: китептердин электрондук каталогу, мезгилдүү басылмалардын электрондук каталогу, «Кыргызстан» электрондук каталогу, Кыргызстандын китепканаларынын бириктирилген каталогу, чет-тилдердеги адабияттардын электрондук каталогу ж. б. кирет. Китепкананын библиографтары Кыргызстандын улуттук библиографиясын түзүүгө орчундуу салым кошушкан. Илимий-көмөкчү библиографияда бардыгы 160 миңге жакын документ катталган. Анын 38 000ден ашыгы кыргыз тилинде. Улуттук библиография бөлүмү 30 жылдан ашык убакыт «Кыргызстан жөнүндөгү адабияттар» ретроспективалык көрсөткүчүн түзүү боюнча иштөөдө. «Тарых. Археология. Этнография», «Кыргызстандын табигый шарттары жана табигый ресурстары», «Өнөр жай. Транспорт. Байланыш», «Адабият. Искусство», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык библиографиялык эмгектер басылып чыккан. 1964-жылдан «Кыргызстан: Дни. Люди. События» жылдык библиографиялык басылмасы чыга баштаган. Орус жана кыргыз тилдериндеги 36 чыгарылышта Кыргызстандын белгилүү даталары, дүйнө элдеринин каада-салттары жөнүндө 1000ден ашык маалымат бар. Жазуучулардын юбилейлерине карата «Токтогул Сатылганов», «Алыкул Осмонов», «Түгөлбай Сыдыкбеков», «Касымалы Баялинов» ж. у. с. көрсөткүчтөр чыгарылган. Китепкана «Кыргызстандын маданий турмушу» маалыматтык дайжестти кыргыз, орус тилдеринде чыгарып турат. Илимий-изилдөө иши улуттук библиографиялык китепкана иштеринин базалык багыты болуп эсептелет. Китепкана үч томдук «История библиотечного дела Киргизии» аттуу документтердин жана материалдардын жыйнагын (1959—70), «Китепканалык иш. Терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн», «Научная жизнь библиотек Кыргызстана» аталган илимий макалалар жыйнагын, ошондой эле «Айтматов ааламы» аттуу эки тилдеги библиографиялык энциклопедия, «Кыргыз китепканасы — Библиотека Кыргызстана» илимий-практикалык журналын чыгарат. И. Раззаковдун 100 жылдыгына карата «Алтынды дат баспайт» аттуу эмгегин окурмандарга тартуулаган. Китепкана иштерин илимий жактан негиздөөдө уюштуруучуметодикалык борбору, жайылтууда китепкананын Басылмалар бөлүмү, Маданият жана агартуу борбору иш алып барат. Юбилейлик даталарга жана окуяларга карата жыл сайын 500дөн ашык массалык-маалымат иш чаралары уюштурулат (семинар, илимий конференция, китеп-сүрөт көргөзмөлөрү ж. б.). Улуттук китепкана өзүнүн ресурстарын жаңы технология аркылуу сактоого, байытууга умтулат. «Манас» баатырдык эпосу Дүйнөлүк электрондук китепканага жайгаштырылган. ЮНЕСКО жана АКШ конгрессинин Китепканасынын колдоосунун алдында 2009-жылдын 21-апрелинде Интернет тармагында уникалдуу Дүйнөлүк электрондук китепканага (WDL) манасчы С. Каралаевдин кыргыз тилиндеги толук варианты (жалпы көлөмү 1584 барак болгон беш китеп), 1946-жылы Москвадан чыккан С. Липкин которгон орусча котормосу, эпостун З. Бектенов жана К. Нанаевге таандык прозалык мазмуну, ошондой эле Уолтер Мей которгон англис тилиндеги тексти режиссёр М. Убукеевдин «Манасчы» фильминен С. Каралаев жөнүндөгү фрагменттер да киргизилген. «Манас» эпосунун кыскача аннотациясы жети тилде (араб, кытай, англис, француз, португал, орус, испан) баяндалып жана талапка ылайык маалыматтар менен камсыздалган. Бул издөөнү жеңилдетип, дүйнөлүк маданий мурастар менен таанышууга жана изилдөөгө мүмкүндүк түздү. Акыркы жылдарда китепканада 25 долбоор ишке ашырылып, китепкананын фондуна жаңы адабияттардын келе баштоосуна, техникалык жабдууларын жаңыртууга, китепканалык-маалыматтык процесстерди автоматташтырууга, чет элдик адабияттарга, электрондук маалымат ж. б. интернет дүйнөлүк маалыматтар базасына пайдалануучулардын кирүүсүнө кеңири шарт түзүлдү. Мына ушулардын бардыгы китепкана кызматын жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүүгө, маалыматка жетүүнүн жаңы технологияларын киргизүүгө мүмкүндүк берди. Улуттук китепкана дүйнөнүн 40тан ашуун ири китепканалары менен кызматташат, анын ичинде Россиянын мамлекеттик китепканасы, Ельцин атындагы Президенттик китепкана, Россия Улуттук китепканасы, Россиянын мамлекеттик илимий-техникалык китепканасы, АКШ Конгрессинин китепканасы, Малайзиянын, Ирандын, Япониянын, Франциянын, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук китепканалары бар. Россия мамлекеттик китепканасынын фондунда сакталып турган 600 миңге жакын диссертациялардын толук текстине, эми Кыргыз Республиканынын пайдалануучулары өлкөнүн чегинен чыкпай туруп кирүү укугуна ээ болду. Муну китепканадагы кызматтан пайдаланса болот. Китепкана — Эл аралык кесиптик коомдун мүчөсү. Эл аралык уюмдардын программаларын ишке ашырууга катышып, маданият, илим жана билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташат. Ошондой эле Евразия китепканалар ассамблеясынын Коммерциялык эмес өнөктөштүгүн уюштуруучулардын бири болуп эсептелет жана анын максаты — китепканалык-маалыматтык жана социалдык-маданий биргелешкен мейкиндикти түзүү болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]