Пьер Кюри

Википедия дан
Кюри Пьер‎»‎ барагынан багытталды)
Пьер Күри (1906)

Күри Пьер (фр. Pierre Curie, 15. 5. 1859, Париж — 19. 4. 1906, ошол эле жер) — франциялык физик. Франция Илимдер академиясынын мүчөсү (1905), Нобель сыйлыгынын (1903) лауреаты. Париж университетин бүтүрүп (1877), анда ассистент болуп иштеген. 1882—1904-жылдары Парижде физика, химия мугалими, Париж университетинде профессор (1904). Негизги эмгектери кристаллдын физикасы, магнетизм жана радиоактивдүүлүккө арналган. Бир тууганы Поль Жан Күри менен бирге пьезоэлектр кубулушун ачкан жана изилдеген (1880). Кристаллдардын симметриясын (Кюри принциби) жана жалпы эле физикадагы симметрия маселелерин (1894) изилдеген. Магниттик кубулуштарды изилдөө П. Кюриге парамагниттик заттардын магниттик кабылдоосунун абсолюттук температурага көз карандылыгын (Кюри закону) аныктаган жана ферромагниттик материалдар парамагниттикке айлануучу (Кюри чекити) өзгөчө температураны аныктоого мүмкүндүк түздү. 1898-жылдан аялы М. Склодовская-Күри менен бирге радиоактивдүүлүктү изилдей баштаган. Алар полоний, радийди ачып, радийдин нурлануусунун татаал курамын жана бул нурдун таасиринен айнек менен фарфордун боёло тургандыгын аныктаган. 1903-жылы П. Күри радий тузу өзүнөн өзү жылуулук чыгара турганын ачып, радиоактивдүүлүктүн биологиялык таасирин да изилдеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгы, Мария Складовская-Күри жана Анри Беккерель менен бирге (1903)
  • "Дэви" медалы, Мария Складовская-Күри менен бирге (1903)
  • "Матеуччи" медалы, Мария Складовская-Күри менен бирге (1904)
  • Эллиот Крессондун медалы (1909), өлгөндөн кийин, Мария Складовская-Күринин сыйлык берүү аземи учурунда ыйгарылган
  • Америка химиялык коомчулуктун химия илиминин тарыхынын жаатындагы "Химиялык ири ачылыш" сыйлыгы (2015)

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]