Лаптев Харитон Прокофьевич

Википедия дан

Лаптев Харитон Прокофьевич (1700–1763/64) – орус уюл изилдөөчүсү жана деңиз сүзүүчүсү. 1-рангдагы капитан. Д. Я. Лаптевдин аталаш тууганы. 1718-ж. гардемарин, кийинчерээк мичман болгон. Лаптев 1739-ж. Якутскдан «Якутск» кемеси менен С. И. Челюскин, Н. Чекин жана Г. Медведев менен чыгып, Лена дарыясынан Хатанга дарыясына чейинки аралыкты жана Таймыр жарым аралын ачып, изилдеген. Хатанга булуңун, Пясина жана Хатанга дарыясын картага түшүргөн. Чоң жана Кичи Бегичев аралын жана Бырранга тоосунун борбордук бөлүгүн, бир нече бухтаны (анын ичинде Нордвик), жээкке жакын жайгашкан аралдарды жана тумшуктарды ачкан. 1743-ж. Санкт-Петербургга келип, Балтика флотунда кызматын уланткан. Анын ысмынан Таймыр жарым аралындагы деңиз жээги, Челюскин жарым аралындагы тумшук, аталаш туугандар Лаптевдердин урматына Түндүк Муз океанындагы деңиз аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7