Ле Корбьюзе

Википедия дан
Ле Корбьюзе (1964)

Ле Корбьюзе (чын фамилиясы — Жаннере) Шарль Эдуар (6. 10. 1887, Ла-Шо-де-Фон, Швейцария—27. 8. 1965, Рокбрюн-Кап-Мартен, Фран­ция)— француз архитектору ж-а архитектура теоретиги.

Кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүнөн. Венада Й. Хофмандан (1907), Парижде О. Перреден (1908—10), Берлинде П. Беренстен окутан.

20-30-жылдардагы иштерине «Ситроен» турак үйү (1922, типтүү долбоор), Бордого жакын Пессак нос. (1925), СССР борб. статистика башкармасынын имараты (Москва, 1928—35; Н. Д. Колли менен бирге) ж. б. кирет. 50- жылдары Роншандагы Нотр-Дам-дю-О капелласын (1950—54), Эвёдогу Ла-Турет доминикан монастырын (1956—59), Индияда Чандигарх ш-нын генпланы м-н өкмөт имараттарынын ансамблин, 60-жылдарда Гарвард ун- тинин иск-во борборун (Кембриж, 1964), Венециядагы оорукананы (1965) ж. б. долбоорлогон. Ле К. азыркы доорду терең иликтөөнүн негизинде массалык турак үйлөр проблемаларын иштеп чыгып, жацы арх-ралык сунуштар киргизген, бөлмө ыңгайлуу болушу үчүн, тех. жактан так иштөөнү, компакттуу пландоону, үйдүн айлана-чөйрө м-н айкалышын эске алган. Ал сүрөт өнөрүнүн да түрдүү тармактарында эмгектенип, дубал бетиндеги сүрөттордү, килем эскиздерин ж-а скульптура композицияларын жараткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.