Лев Понтрягин

Википедия дан

Понтрягин Лев Семёнович [21. 8 (3. 9). 1908-жылы туулган, Москва – 3. 5. 1988, ошол эле жер] – математик, СССР Илимдер академиясынын академиги (1958; корреспондент мүчө, 1939), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). 13 жашында кокустуктан азиз болгон. Москва университетин (1929) бүтүргөн. 1939-жылдан СССР Илимдер академиясынын В. А. Стеклов атындагы Математика институтунун бөлүм башчысы жана МГУда профессор (1935). Ал топологияда кош көрүнүүнүн жалпы законун ачкан, ошонун натыйжасында үзгүлтүксүз группанын мүнөздөмө теориясын түзгөн, гомотопия теориясы боюнча (Понтрягин класстары) бир нече натыйжа алган. Термелүүлөр теориясы, башкаруу теориясы, дифференциялык оюндар теориясына чоң салым кошкон. Понтрягин – Лондон математика коомуна (1953), эл аралык «Астронавтика» академиясына (1966) ардактуу мүчө. Эл аралык математиктер союзунун вице-президенти (1970–74); Венгрия Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1972), СССР мамлекеттик сыйлыктын (1941, 1975), Ленин сыйлыктын (1962) лауреаты. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Ардак Белгиси ордендерин жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]