Лев Шрайбер

Википедия дан

Айзак Лев Шрайбер (англ. Liev Schreiber;/ˈliː.ɛv/; 1967-жылы 4-октябрда туулган) — Лев Шрайбер катары белгилүү америкалык актер, режиссер, сценарист жана продюсер. Ал 1990-жылдын аяк ченинде жана 2000-жылдардын башында өз алдынча тасмаларда жана кийинчерээк Голливуддун башкы тасмаларында образдарды жараткан. "Кыйкырык" (англ. Scream) коркунучтуу үчилтигинде, "Кун" (англ. Ransom, 1996), "Фантомдор" (англ. Phantoms, 1998), "Коркуунун баасы" (англ. The Sum of All Fears, 2009), "Омен" (англ. The Omen, 2006), "Икс адамдардын башаты: Карышкырлар" (англ. X-Men Origins: Wolverine, 2009), "Вудстокту колго алуу" (англ. Taking Woodstock, 2009), "Солт" (англ. Salt, 2010), "Келесоо" (англ. Goon, 2011), "Пешканы курмандыкка чалуу" (англ. Pawn Sacrifice, 2014) жана "Көңүл чордонунда" (англ. Spotlight, 2015) тасмаларында тартылган.

Ошондой эле, Шрайбер Бродвей театрындагы бир нече өндүрүштөргө катышып, сый-урматка ээ болгон сахна актеру болуп саналат. 2005-жылы ал "Гленгарри Глен Росс" (англ. Glengarry Glen Ross) спектаклиндеги ролу үчүн "Тони" сыйлыгынын "Спектаклдеги эң мыкты актер" наамын утуп алган. Ошол жылы ал "Баары чагылышат" романына ылайыкташтырылып тартылган окшош аталыштагы тасманын (англ. Everything Is Illuminated, 2005) сценарийин жазып, ага режиссерлук кылган. Шрайбер теле дүйнөсүндө андан ары ийгиликтерди багынтып, "Showtime" компаниясынын "Рэй Донован" (англ. Ray Donovan, 2013–азыркы күнгө чейин) драма киносериалында башкы каармандын ролун жараткан. Бул үчүн ал "Алтын глобустун" төрт жана "Эмминин" эки "Прайм тайм" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал "HBO" компаниясынын жана коомдук телеберүү кызматтарынын программаларын алып барат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]