Леонтьев Алексей Николаевич

Википедия дан
Леонтьев, Алексей Николаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Леонтьев, Алексей Николаевич (5 (18) февраль 1903, Москва — 21 январь 1979) — советтик психолог.

  • РСФСР ПИАнын (1950), СССР ПИАнын (1968) анык мүчөсү. 1948-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Москва университетин бүткөн (1924). Л. С. Выготскийдин окуучусу.
  • 1941-жылдан МГУ-нун проф., 1945—61-ж. филос. факультетинин психол. кафедрасына башчы. 1966-жылдан психол. факультеттини деканы. Анын эксперименттик жана теориялык иштери психиканын пайда болушу жана өнүгүшү, анын биол. эволюциясы, коомдук-тарыхый өсүшү, балдар психикасынын калыптанышы жана психикалык процесстердин функциялык өсүшүнө арналган. Бул маселелер боюнча Леонтьев бир катар теориялык жоболор сунуш кылган.
  • Инженерднк психология боюнча да изилдөө жүргүзгөн. «Психиканын өсүш проблемалары» деген китеби Лениндик сыйлыкка арзыган (1963).
  • Париж университетинин ардактуу доктору (1968).
  • Венгрия ИАнын ардактуу мүчөсү (1973).
  • Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.