Лопе де Вега

Википедия дан
Лопе де Вега Карпьо Феликс‎»‎ барагынан багытталды)

Лопе де Вега Карпьо Феликс (25. 11. 1562, Мадрид – 27. 8. 1635, ошол эле жер) – испан драматургу, акын жана жазуучу. 1614-ж. дин кызматчысы наамын алган. Лопе де Вега өтө көп адабий мурас калтырган: 2000 ден ашык пьеса, 20 поэма, лирикалык ырлар, «Аркадия» (1958), «Өз мекенинин жолоочусу» (1604) деген романдары жана башка. Лопе де Вега Испаниядагы Кайра жаралуу доорунда драманын негизги принциптерин иштеп чыккан. Анын бир катар социалдык саясий драмаларында мекен жана чет эл тарыхы (мисалы, Жалган Дмитрий жөнүндөгү «Москвалык улуу герцог» пьесасы, 1617) чагылдырылат. Поэтикалык чыгармаларында күлкүлүү жана олуттуу, карапайым турмуш көрүнүштөрүн айкаштыра ырга салып, элдин поэтикалык тилин өз стилине сиңирген. Анын драмалык чыгармалары Испания менен Батыш Европада драма искусствосунун өнүгүшүнө зор таасир берген. Пьесалары дүйнөнүн көп театрларында коюлат. Кыргыз театрында 1938-ж. «Койлуу булак» аттуу пьесасы коюлган. Россияда Лопе де Веганын пьесалары 19- кылымдын 2-жарымынан которула баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7