Лофотен аралдары

Википедия дан
Лофотен аралдары.

Лофотен аралдарыНорвег деңизиндеги архипелаг. Скандинавия жарым аралынын түндүк-батыш жээгине жакын. Норвегиянын аймагы. Аянты 1,2 миң км2. Ири аралдары: Эствогёй, Вествоёй, Флакстадёйа, Москенесёйа жана башка. Рельефи тоолуу, бийиктиги 1161 мге чейин. Жээги аскалуу, фьорддуу, айрым жерлеринде жээк түздүктөрү бар. Нымдуу океандык климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы 0ᵒС чамасында, июлдуку 12ᵒС, жылдык жаан-чачыны 1000 ммден ашуун. Деңиз жээги тоңбойт. Тоолуу тундра, вереск бадалдары басымдуу. Балык (сельдь, треска) кармалат. Порту – Свольвер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7