Луи де Берниер

Википедия дан
Луи де Берниер.

Луи де Берниер (англ. Louis de Bernières; 1954-жылдын 8-декабрында туулган) — "Капитан Кореллинин мандолинасы" (англ. Captain Corelli's Mandolin) аттуу төртүнчү романы менен белгилүү болгон британиялык жазуучу. 1993-жыл де Берниер Granta журналынын жарнамасынын бир бөлүгү катары чыккан "20 мыкты жаш британиялык жазуучунун" бири катары тандалып алынган. "Капитан Кореллинин мандолинасы" кийинки жылы басылып чыгарылып, Жазуучулар шериктештиги сыйлыгынын "Мыкты китеп" наамын утуп алган. Ошондой эле бул чыгарма 1994-жылы Sunday Express гезитинин жыл китеби кыска тизмесине кирген. Ал 11ден ашуун тилге которулуп, эл аралык бестселлерге айланган.

2008-жылдын 16-июлунда де Берниерге Лестердеги Де Монтфорт университетинин ардактуу доктор наамы ыйгарылган. Аталган окуу жай Лестер политехникалык институту болуп турган кезинде де Берниер ал жерде билим алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]