Майкл Кейн

Википедия дан

Сэр Майкл Кейн, CBE (англ. Michael Caine;/ keɪn /; төрөлгөндөгү аты - Морис Жосеф Миклуайт кичүүсү; 1933-жылдын 14-мартында туулган) - англис актеру жана жазуучу. Англис тилинин "Кокни" диалектисинде жакшы сүйлөгөндүгү менен белгилүү болгон М. Кейн 115тен ашуун тасмаларда ойноп, Улуу Британиянын чыныгы кино жылдызы катары таанымал болгон

Анын чыгармачылыгынын гүлдөп-өсүшү 1960-жылдарга туура келет. Актер "Зулустар (англ. Zulu (1964),"Ипкресс досьеси“ (англ. The Ipcress File, 1965), "Элфи" (англ. Alfie, 1966) британиялык тасмаларында ойногон. "Элфи" (англ. Alfie, 1966) тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Башка тасмалари- "Италиялыкча карактоо" (англ. The Italian Job, 1969) жана "Британия үчүн күрөш" (англ. Battle of Britain, 1969). Анын эсте калаарлык ролдору "Гартерди жоготуу" (англ. Get Carter, 1971), "Акыркы өрөөн" (The Last Valley, 1972) жана "Издөөчү" (англ. Sleuth 1972), "Падыша болгусу келген адам" (англ. The Man Who Would Be King, 1975) "Көпүрө өтө алыс" (англ. A Bridge Too Far, 1977) тасмаларында ишке ашкан. "Издөөчү" (англ. Sleuth 1972) тасмасындагы ролу үчүн экинчи жолу "Оскар"сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал 1980-жылдары дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырган, "Ританы тарбиялоо" (англ. Educating Rita, 1983) тасмасындагы ролу үчүн Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына жана "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясына талапкер болгон. 1986-жылы Вуди Аллен тарткан "Ханна жана анын сиңдилери" (англ. Hannah and Her Sisters) кино тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган.

Кейн "Маппеттердин жаңы жыл жомогу" (англ. Маппет Christmas Carol, 1992) тасмасында ойногон. 1990-жылдары актер дээрлик чоң экранда иштебей калгандан соң, 1990-жылдардын акырында чыгармачылыгын жанданткан. "Акырын үн" (англ. Little Voice, 1998) тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын алса, "Шарап жасоочулардын жашоосу (англ. The Cider House Rules, 1999) тасмасындагы ролу үчүн ал экинчи жолу "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. Кейн "Остин Пауэрс: Голдмембер" (англ. Austin Powers in Goldmember)тасмасында Найжел Пауэрстин ролун аткарса, Кристофер Нолан тарткан "Кара рыцарь" (англ. The Dark Knight) боевик тасмасынде Альфред Пенниуорттун ролун аткарган. Актер К. Ноландын "Аброй" (англ. The Prestige, 2006), "Башталыш" (англ. Inception, 2010), "Жылдыздар арасында" (англ. Interstellar, 2014) тасмаларында ойногон. Ал ошондой эле "Адам балдары" (англ. Children of Men) жана "Унаа 2" (англ. Cars 2) тасмаларында дагы экинчи пландагы ролго тартылган.

М. Кейн 1960-жылдан 2000-жылга чейин ар бир он жылдыкта "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлуп турган эки актердун бири болуп саналат. 2000-жылы М. Кейн киного кошкон салымы үчүн Британия канышасы Елизавета Экинчи тарабынан рыцарлыкка көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]