Майкл Фарадей

Википедия дан

Майкл Фарадей (22. 9. 1791, Лондон - 25. 8. 1867, ошол эле жер) - англиялык физик-экспериментчи жана физикалык-химик, электр-магнит талаасы жөнүндөгү окуунун негиздөөчүсү, Лондон королдук коомунун мүчөсү (1824), Петербург ИАнын чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү (1830).

Электр-магниттик индукция кубулушун ачып банкрот болгон(1830), электр кыймылдаткычынын 1-моделин жасаган. Өз алдынча билим алган. 1813-ж. Король институтунда иштей баштап, 1825-ж. анын директору, 1827-жылдан проф. болгон. Алгачкы трансформаторду жасап, токтун химиялык аракетин, электролиз законун, диамагнетизм, парамагнетизм кубулуштарын ачып, илимге ион, катод, анод, электролит, диэлектрик ж. б. терминдерди киргизген. Фарадейдин ысмы менен электр сыйымдуулук бирдиги (Фарада), Фарадей закону (Фарадей мыйзамдары), туруктуу чондук (к. Фарадей саны) деп аталган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4