Максим Грек

Википедия дан

Максим Грек (аты-жөнү – Михаил Триволис; 1475-жыл чен, Греция, Арта – 1556, Москва областы Троица-Сергий монастры, азыркы Загорск) – публицист, жазуучу жана котормочу. Көп жылдар Италиядан окуган. Он жылдай Афондогу (Греция аймагы) Ватопед монастрына кызмат кылган. 1518-жылы Улуу князь Василий III Иванович тарабынан орус мамлекетине диний китеп котортуу үчүн чакырылып келген. Чиркөө оппозициясы менен байланышта болуп, 1525- жана 1531-жылы чиркөө кызматкерлеринин жыйындарында айыпталган. Москвада коомдук көп маселелерге белсене катышып, ийрим уюштурган. Ал ийримде диний-теориялык гана эмес, улуу княздын ички, тышкы саясатына байланыштуу маселелер да талкууланып турган. Максим Грек монастрь жер ээлигине, чиркөөлөрдүн байышына, дыйкандардын эзилишине каршы чыгып, бир нече ирет сүргүнгө айдалган. Диний үгүт-насыяттар, публицистикалык макалалар, философиялык жана диний ой жүгүртүүлөр, котормолор, фонетика, грамматика, лексикография боюнча макалалар сыяктуу адабий мурастарды калтырган. Анын фонетика боюнча эмгектери кийин орус алиппесин түзгөндө кеңири пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]