Мандевиль, Бернард де

Википедия дан
Fable of the bees, 1924.

Мандевиль Бернард (англ. Bernard (de) Mandeville, 1670—1733) — англиялык философ, ата-теги боюнча француз. Голландиядагы Лейден университетин бүтүрүп, врачтын дипломун алат. 1700-жылдан тартып Англияда, Лондондо жашап, врач болуп иштеп, нерв оорулары боюнча адистешет. Ал туталанма (истерикалык) жана ипоходриялык оорулар боюнча эмгек жазат. Мандевиль өзүнүн «Аарылар жөнүндө тамсил» деген жападан жалгыз чыгармасы аркылуу атагы чыккан.

Бул эмгектин негизин ыр менен жазылган памфлет түзөт, ал 1705- жылы «Күңкүлдөгөн бал челек, же ак ниет болуп калган алдамчы» деген аталыш менен жарыяланат. Андан кийин поэма буга берилген комментарий тиркелип жана Мандевилдин «Моралдык такыбаачылыктын жаратылышы жөнүндө изилдөө», «Коомдун жаратылышы жөнүндө изилдөө» деген чыгармалары кошулуп, кайра басылып чыгат. Мандевилдин чыгармасы Англияда кеңири белгилүү болуп, «Аарылар жөнүндө тамсил, же Жеке адамдардын кемчилиги — коом үчүн жыргалчылык» деген аталыш менен көп жолу кайра басылып чыгат.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн тамсилинде Мандевиль өзүндө байлык менен жакырчылыкты, бекерчилик менен ысырапкорчулукту жана оор эмгекти бириктирип турган коомду көрсөтөт. Бул үчүн ал аллегорияны пайдаланып, бардыгы сатылып жана сатып алына турган бал челектеги жашоо-турмушту сүрөттөйт. Адамзатка белгилүү болгон бүт кемчиликтер ошол бал челекте үстөмдүк кылып турат. Бирок дал ошол кемчиликтер бал челектин гүлдөп-өсүп турушуна мүмкүндүк берет, «жеке адамдардын кемчиликтери» коомдук жыргалчылыктын булагы болуп турат.
Бирок ажайып күндөрдүн биринде эле бул бал челектин бардык аарылары ак ниеттүү болуп калышат да, кемчиликтердин ордуна изги сапаттар пайда болот. Булардын баары бал челекте түп-тамырынан берки өзгөрүүгө алып келет: бал челектен байлык качып, курут болот. Ошентип «Тамсилдин» моралы — кемчиликтер коомдун жашап турушунун зарыл шарты деген жыйынтыкка алып келет.

Мандевиль кеңири сүрөттөп жазган «кемчиликтерди жактоо» чындыгында ошол кезде үстөмдүк кылып турган моралды ашкерелөөгө, англиялык буржуалардын эки жүздүүлүгү жана сопусунуучулугу алардын чыныгы бейнесин — байлыкка жана пайдага умтулгандыктарын көрсөтүүгө багытталган болучу. Мандевиль сатираны өзүнө замандаш Англиянын коомдук мамилелеринин системасына карата жазган.

«Поэтикалык тамсилге жазган «Комментарийлеринде» Мандевиль кемчиликтердин бийлиги жана коом үчүн алардын зарылдыгы жөнүндөгү өзүнүн башкы оюн андан ары өнүктүрөт. Ал, адамдын жаратылышына мүнөздүү болгон эгоисттик мүдөөлөр адамды коомдук жанга айландырган деп эсептейт. «Адамды эн чоң жана эң гүлдөгөн коомдо жашоого ылайыкташтыра турган эң зарыл сапаттар,— деп жазат ал,— анын өтө арам ойлуу жана жийиркеничтүү сапаттары болуп саналат» [Аарылар жөнүндө тамсил. М., 1974. 45-6.].

Мандевиль жаман жүрүм-турумдарды коомдун турмушунан ажырагыстыгын, анын өнүгүшү үчүн андай сапаттардын зарылдыгын баса белгилеп көрсөтөт. Ал коомдун өнүгүшүндө жамандыктардын зарыл жана маанилүү ролу жөнүндө корутунду чыгарат: «Биз бул дүйнөдө моралдык жагындагыбы, ошондой эле дене-бой жаатындагыбы жаманчылык деп эсептегендер бизди социалдык жанга айландырган улуу принцип болуп саналат,— бүт бардык адистиктердин жана ишмердиктердин бекем негизи, жандандыргыч күчү жана таянычы болуп саналат, биз бардык искусстволор менен илимдердин чыныгы булагын дал ушундан издешибиз керек, ал эми жаманчылык качан жок болуп жашабай калган болсо, анда коом таптакыр кыйрап калбаса да кулоого тушугат» [Аарылар жөнүндө. 329-6.].

Ошол эле убакта Мандевиль жаманчылыктарды дегеле жактабайт, ал бар болгону коомдук өнүгүүнүн тенденциясын гана ачып көрсөтөт. Ал мындай деп жазат: «Мен жаманчылыкты жактоодон дегеле алысмын», «эгерде мамлекеттен адеп-ахлак жагындагы күнөө-ыпластыктарды толук жок кылып айдап салуу мүмкүн болсо, анда бул мамлекет үчүн зор бакыт болор эле, бирок мен бул мүмкүн эмес го деп коркомун» [Аарылар жөнүндө тамсил. 109-6.].

Шефтсбериге карама-каршы «моралдык сезим», Мандевилдин пикири боюнча, тубаса мүнөзгө ээ, ал коомдук турмуштун продуктусу. Мыйзам чыгаруучулар менен акылмандар моралды адамдар өзүлөрүнүн максат-умтулуштарын тизгиндеп, аларды социалдык керектөөлөр менен айкалыштыра алсын үчүн, адамдарды уят, ар-намыс, жакшылык, жаманчылык сыяктуу ар түрдүү нравалык түшүнүктөрдү аңдап-билүүгө үйрөтсүн үчүн ойлоп табышкан. Мисалы, такыбаачылык башка адамдардын жыргалчылыкка умтулуусу менен байланыштуу болгондордун баарын жана жеке өзүнүн нысабын тыюуну билдирет. Адам коомдун кызыкчылыгын этибарга албай, өз керт башынын майда мүдөөлөрүн канааттандыруу үчүн иштегендин баарын жамандык деп аташкан. Мыйзам чыгаруучулар, Мандевилдин ою боюнча, ушулардын бардыгынан чоң пайда табышкан, анткени моралдын жардамы менен «өтө көп сандагы адамдарды зор жеңилдик жана коркунучсуз» [Аарылар жөнүндө тамсил. 69-6.] башкара алышкан.

Мандевилдин концепциясы көптөгөн туура нерселерди камтып турат. Ал адамдардын жүрүм-турумунун тереңдеги психологиялык себептерин жана коомдун өнүгүшүндө адамдардын моралдык сапаттарынын ролун ачып көрсөтөт. Мандевилдин идеялары алгач өтө кызуу талаш-тартыштарды туудурса да, кийинки философтордун эмгектеринде андан ары өнүктүрүлөт. Жаманчылыктын тарыхтагы ролу жөнүндөгү идеяны андан ары Гегель иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]