Марк Руффало

Википедия дан

Марк Алан Руффало (англ. Mark Ruffalo;1967-жылы 22-ноябрда туулган) - америкалык актер, филантроп, коомдук ишмер жана кино продюсер. Актердун чыгармачылыгына CBS каналында көрсөтүлгөн "Жайкы үй" (англ. Summer Playhouse, 1989) сериалында эпизоддук ролу аркылуу чыйыр салынган. 1996-жылы тартылган "Булар биздин жаштар" (англ. This Is Our Youth) тасмасынде ойноп АКШнын "Эркин дух" киносыйлыгына талапкер болгон. Андан кийин М. Руффало "Он үчтөн отузга карай" (англ.13 Going on 30, 2004), "Таза акылдын түбөлүк жаркырашы (англ. Eternal Sunshine of the Spotless Mind, 2004), "Зодиак" (англ.Жылдыз, 2007), жана "Сени өлтүрбөгөн нерсе" (англ. What Doesn't Kill You, 2008) тасмаларында ойногон. 2010-жылы, ал "Балдар аман-эсен" (англ. The Kids Are All Right) жана "Жабык арал" (англ. Shutter Island) тасмаларында катышкан. "Балдар аман-эсен" (англ. The Kids Are All Right) тасмасындагы ролу үчүн АКШ киноактерлор Гильдиясынын (коомунун), Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын номинацияларына жана "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. Актер "Сен азыр мени көрүп турасың" (англ. Now You See Me, Now You See Me) деген детективдик триллердин биринчи жана экинчи бөлүмдөрүндө ФБРдын агенти Дилан Родстун ролун ойногон.

М. Руффалого Marvel Comics компаниясы тарткан "Өч алуучулар" (англ. The Avengers, 2012) жана "Өч алуучулар: Альтрон доору" (англ. Avengers: Age of Ultron, 2015) тасмаларындагы Халк деген каармандын ролу дүйнөлүк атак алып келген . 2014-жылы актер "Жөнөкөй жүрөк" (англ. The Normal Heart) аттуу телевизиондук тасмасынде роль жаратып жана продюсер катары катышкан, ушул ролу үчүн праймтаймдык "Эмми" сыйлыгынын "Эң мыкты телевизиондук фильм" деген номинацияга талапкер болсо, АКШ киноактерлор Гильдиясы (коомунун) сыйлыгынын "Мини сериалдагы же телевизиондук фильмдеги эң мыкты актер" номинациясына татыктуу болгон. Ошол эле жылы "Түлкү уулагандар" (англ. Foxcatcher) тасмасында Дейв Шулцтун ролун жаратып, "Алтын глобус" сыйлыгына жана "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. 2015-жылы, ал Алтын глобус" сыйлыгынын " Көркөм фильмдеги эң мыкты актер" номинациясына "Ак аюу" (англ. Infinitely Polar Bear) тасмасындагы ролу үчүн көрсөтүлгөн. "Көңүл чордонунда" (англ. Spotlight) тасмасындагы ролу үчүн Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын жана "Оскар" сыйлыгынын номинацияларына талапкер болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]