Матвеев Александр Терентьевич

Википедия дан
Матвеев, Александр Терентьевич‎»‎ барагынан багытталды)

Матвеев, Александр Терентьевич (1878, Саратов – 1960, Москва) – советтик скульптор, РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1931). Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында С. М. Волнухин менен П. П. Трубецкойдон окуган (1899–1902). 1906-07-ж. Парижде иштеген. М-дин чыгармачылыгындагы негизги тема – адамдын кандайдыр көтөрүңкү маанайда көрсөтүлгөн жыңалач фигурасы, образдагы гармонияны элестүү ачуу. Негизги эмгектери: К. Маркстын Петрограддагы эстелиги (гипс, 1918, сакталган эмес), А. С. Пушкиндин статуясы (пластилин, 1948–60, скульптордун менчик өнөрканасында), автопортрет (коло, 1939, орус музейи) жана башка Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]