Александр Матросов

Википедия дан
Матросов, Александр Матвеевич‎»‎ барагынан багытталды)

Матросов, Александр Матвеевич (1924, Днепропетровск — 23. 2. 1943, Псков областы, Локнянский району, Чер­нушка кыштагынын жаны) — Советтер Союзунун Баатыры (1943, өлгөндөн кийин[1]).

1942- жылдан ВЛКСМ мүчөсү. Матросов ата-энесинен ажырап, Ульянов обласындагы Иванов балдар үйүндө, кийин Уфа шаарындагы балдардын эмгек колониясында тарбияланган. 1942-ж. Армияга чакырылып, жөө аскерлер окуу жайына жиберилген. 1942-ж. ноябрда өз ыктыяры менен фронтко кетет, 56-гвардиялык аткычтар дивизиясындагы (Калинин фронту) 254-гвардиялык аткычтар полкунун составында салгылашкан. 1943-ж. 23-февралда Чернушка кыштагы үчүн болгон салгылашта душман дзотун денеси менен ок чыгарбай жаап, советтик аскерлердин чабуулга өтүшүнө жол ачкан.

1943-ж. 8-сентябрда 254-гвардиялык аткычтар полкуна Матросовдун аты коюлуп, ал 1-ротанын тизмесине түбөлүк жазылган. Уфа шаарында Матросовго эстелик коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 19 июня 1943 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1943. — 23 июня (№ 23 (229)). — С. 3