Мелвилл

Википедия дан
Мелвилл.

МелвиллКанадалык Арктика архипелагындагы арал, Королева Елизавета аралынын тобунда. Аянты 43 миң км2дей. Байыркы кристаллдык тектерден түзүлгөн. Жеринин бети өтө тилмеленген. Бийиктиги 1080 мге чейин. Жээги тик, булуң-буйткалар терең кирип турат. Арктикалык чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Калк жашабайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]