Меринг, Франц

Википедия дан

Меринг, Франц (27. 2. 1846, Шлаве — 29. 1. 1919, Берлин) — немец жумушчу кыймылынын ишмери, марксчыл философ, тарыхчы жанa адабий сынчы.

Оокаттуу буржуазиялык үй-бүлөдөн. 1866—70-ж. Лейпциг жанa Берлин университеттеринде окуган. Философия док­тору (1882). 1891-ж. социал-демократтар партияга өткөн. Көп жылдар бою партиянын теориялык органы «Нойе цайт» жур­налы жанa өзү редакциялаган (1902— 07) «Лейпцигер фольксцайтунг» газетасы аркылуу оппортунизмге жана ревизионизмге карты чечкиндүү күрөшкөн. Бул күрөштө Меринг немец социал-демократтар партиясынын революциячыл тарабынын рухий жетекчисине айланган. Россиядагы 1905—07-жылдардагы революцияны кубаттаган. Биринчи дүйнөлүк со­гуштун (1914—18) империялык мүнөзүн жанa социал-демократтар жетекчилердин социал-шовинистчил саясатын ашкерелеген.

Мертиг — «Спартак союзун» түзүүчүлөрдөн жанa жетектегендерден, Германия коммунисттик партиясын негиздөөчүлөрдөн. Мертиг бир убакта революциячыл теория менен революциячыл партиянын маанисине жеткире баа бербей, оппортунисттер-ден толук кол үзүү зарылдыгын эске албай жүргөн. Октябрь революциясынын таасири менен Меринг каталыктарын жойгон. Меринг реалисттик жанa демократиялык салттарды кубаттаган адабий-сын эмгектер (белгилүүсү — «Лессинг жөнүндө уламыш», 1891—92) жазган, классиктердин адабий мурастарын буржуаздык бурмалоого жанa адаттагы декаденттикке карты күрөштө чоң роль ойногон. Меринг философ катары тарыхты матер, түшүнүүгө белгилүү салым кошуп, буржуазия философиянын ар түрдүү агымдарын сындаган.

В. И. Ленин Мерингди окумуштуу катары жо­гору баалаган. Меринг марксчыл адабият жана искусствово таануунун, марксчыл эстетиканын жалпы принциптеринин калыптанышына кеп эмгек сиңирген. Мерингдин бир катар илимий иши К. Маркс менен Ф. Энгельстин чыгармаларын жана каттарын иликтөө жана жарыялоо менен байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.