Месроп Маштоц

Википедия дан

Месроп Маштоц (361, Тарой провинциясы, Хацик кышагы — 17. 2. 440, Эчмиадзин, сөөгү Армениянын Аштарак районундагы Ошакане жергесине коюлган) — армян илимпозу, агартуучу, армян алфавитин түзүүчү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Шакирттери менен Библиянын бир бөлүгүн Сирия тилинен армян тилине которгон. Кийин кечил болуп, христиан динин үгүттөгөн. Месроп Маштоц армян тилинин тыбыштык системасын изилдеп, армян алфавитин түзгөн (405—406). Алфавиттин армян элинин маданий өз алдынчалыгын сактап калууда мааниси чоң. 5-кылымда Месроп Маштоцтун шакирттеринин көбү (Езник, Корюн, Егише, Мовсес Хоренаци ж. б.) көрүнүктүү жазуучу катары таанылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.