Милош Чеслав

Википедия дан
Чеслав Милош
пол. Czesław Miłosz
Туулган датасы:

30 -июнь 1911(1911-06-30)

Туулган жери:

Ковен губ., Шетейны чарбагы (азыркы Литва, Каунас уезди, Кедайн району, Шетеняй кыштагы

Өлгөн датасы:

14 -август 2004(2004-08-14) (93 жаш)

Жарандыгы:

Польша, Литва, АКШ

Ишмердүүлүгү:

Жазуучу, котормочу, эссечи

Чыгармаларынын тилдери:

иңглиш, поляк

Сыйлыктары:

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Чеслав Милош (пол. Czesław Miłosz; 30. 6. 1911, Ковен губ., Шетейны чарбагы (азыркы Литва, Каунас уезди, Кедайн району, Шетеняй кыштагы) – 14. 8. 2004, Польша, Краков) – поляк акыны, котормочу, эссеист. Вильнодогу Сигизмунд атындагы гимназияны, Стефан Батория атындагы университетти бүтүргөн (1934). 1951-жылдан эмиграцияда (Франция, АКШ). 1930-жылы «Үшүгөн мезгил жөнүндө поэма» деген биринчи ырлар жыйнагы жарыяланган. «Үч кыш» (1936), «Аман калуу» (1945), «Экинчи мейкиндик» (2002), «Орфей жана Эвридика» (2003) поэмаларынын, «Кулга айланган акыл-эс» (1953) эссе жыйнагынын, «Менин көчөлөрүмдөн баштап» (1985), «Мезгил менен саякат» (2004) ыр жыйнактарынын автору. У. Шекспир, У. Уитмен, шаары Бодлер ж. б. сүрөткерлердин чыгармаларын поляк тилине которгон. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1980).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]