Митхун Чакраборти

Википедия дан
Митхун Чакраборти
хинди मिथुन चक्रवर्ती
англ. Mithun Chakraborty
Төрөлгөндөгү ысымы:

Гоуранга Чакраборти

Туулган датасы:

16 -июнь 1950(1950-06-16) (73 жаш)

Туулган жери:

Калькутта, Батыш Бенгалия, Индия

Жарандыгы:

Индия Индия

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1976 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Filmfare Awards, Улуттук киносыйлык

IMDb:

ID 0149822

Митхун Чакраборти (Гоуранга Чакраборти) - ( хинди मिथुन चक्रवर्ती, англ. Mithun Chakraborty; 1950-жылы 16-июнда Бенгалиянын түндүгүндө жайгашкан Калькутта шаарында төрөлгөн.) - Индия киносунун көрүнүктүү жылдыздарынын бири «Диско бийчиси» , «Бийле, бийле» тасмаларынан соң эл оозуна алынып, дүйнөгө таанылган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Митхун Чакраборти 1950-жылы 16-июнда Бенгалиянын түндүгүндө жайгашкан Калькутта шаарында төрөлгөн. Ата-энеси телефондук компанияда катардагы кызматкерлер болуп эмгектенишчү. Жөнөкөй үйбүлөнүн кулуну Митхун кичинекей чагында эле башынан кыйынчылыктардын бир тобун өткөрүп, жокчулуктун даамын татып чоңойгон. Кийинчерээк үч карындаштуу болот. Учурда алардын экөө турмушта, ал эми үчүнчүсү Кудайдын жолуна түшүп, Гималайдагы чиркөө­лөрдүн биринде жашайт. 60-жылдары Митхун 10 жаш курагында өз өлкөсүндө уюшулган жаштардын экстремисттик кыймылы наксалиттердин катарына кошулган. 1971-жылы бийлик мындай жаштарга кысым көрсөтүп, алардын бир тобун көп жылдык камоого алып, кээ бирлерин өлүм жазасына да тарткан. Митхунду ата-энеси баласын сактап калуу максатында Бомбей шаарына туугандарыныкына жөнөтөт. Ал жактан да адегенде турмуш өз кысымын көрсөтүп, же билими, же акчасы жок болгондуктан, жумуш издөөгө туура келет. Алгач косметикалык компаниялардын бирине ишке орношуп, парфюмериялык товарларды жарнамалап, сатып акча табуунун жолун табат. Мүмкүн бул дагы тагдырдын белегиби, айтор, көчө кыдырып өз кардарларынын товарын жеткирүү үчүн чыккан Митхун Пуна шаарчасындагы Кино институтунун актёрдук факультетине таланттуу жаштардын кабыл алынып жатканынан кабар алат. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле театр искусствосуна кызыгып, актёр болууну самачу. Бомбейге келиши менен кыялындагы кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө кичинекей болсо да жакындай баштаган эле. Тапшыруу сынагынан жылдыздуу жүзү жана аткаруучулук талантынын күчтүүлүгү үчүн кароо комиссиясын жеңген болсо, тилекке каршы, кедей-кембагалдардын катарынан чыккандыгы бир топ тоскоолдуктарды жаратат.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы жолу Митхун киного тартылууну Дулал Гухтун “Два незнакомца” фильминде эки мүнөттүк эпизоддо ойноо менен баштаган. Бирок, ошол учурдун эң таанымал жубайлары Амитабх Баччан менен Рекхалар дагы бул кинодо ойногондуктан, Митхундун бар-жогуна эч ким деле көңүл бөлгөн эмес. Мындан көп узабай эле “Королевская охота” аттуу фильминде баш каармандын ролун жараткан. Сантал уруусунан чыккан мергенчинин ролун эң жакшы жаратуу үчүн бул урууга кошулуп, алардын салт-санааларын тартып, мергенчиликте колдонгон ыкмаларына чейин өздөштүрүүгө да жетишет. 1976-жылы бул кино экран бетине чыгып, улуттук кинофестивалдан “Золотой лотос” сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми Митхун Чакраборти өлкөнүн мыкты актёру деп табылган. Бирок, бат эле унутта калуу коркунучуна кабылат, башка кинолорго тартылууга сунуштар түшпөгөндүктөн, Митхун майда-барат гана эпизоддорго тартылууга аргасыз болгон. Бир гана аткаруучулук жагынан эмес, бийчилик жагынан да таланттуу Митхун ошол кезде Рана Рез деген ат менен бий-шоуларга да катышчу экен. Карьералык даражасынын жогорулоо мезгили 1980-жылдарга туура келет. Анткени, Митхун режиссёр Баббар Субхаштын “Диско бийчиси” аттуу чоң долбооруна чакыруу алат. 1982-жылы бул кино жарыкка чыгып, Митхун популярдуулуктун туу чокусун багындырат.

Дал ушул фильм аркылуу Митхун Чакраборти киносүйүүчүлөрдүн жүрөгү­нөн орун алган. Күңүрт кинолордон тажаган жаштарга жаңы стиль менен жаралган “Танцор Диско” фильми башкача таасир калтырып, тез эле эң популярдуу киного айланат. Өкүнүчтүүсү, фильмдин күйөрмандары жер жүзүн­дө өтө эле көп болгондуктан, кинотеатрлардын кассаларында билет үчүн болгон талаш-тартыштардын айынан өлүмгө дуушар балгондор да бар. Ошондуктан, Советтер Союзунун кээ бир өлкөлөрүндө бул фильмди көрсөтүүгө катуу тыюу салышкан. Эс алуучу жайларынын бийлөө аянтында, радиоберүүлөрдө, үйдөгү магнитофондордо фильмдеги «I Am A Disco Dancer» («Мен Диско бийчиси») ыры жаңырып турган.Митхун ошол учурдун эң эле идеалдуу, төгөрөгү төп келишкен актёруна айланган. Музыканын коштоосундагы мушташ аралашкан бул фильм Баббар Субхаштын режиссёрлук жаатындагы алгачкы кадамы болсо да, Митхун экөөнүн атагын алыска тараткан. Индия киносунда жаңы жанрда тартылган “Танцор Диско” фильми “Индия мюзикли” деген атка конгон. Мындан кийин эле ушул жанрда тартылган “Танцуй, танцуй”, “Храм любви”, “Коммандос”, “Враги” деген сыяктуу кинолор биринин артынан бири жарыкка чыга баштайт. 80-жылдары Митхун жылдын эң атактуу жылдызы аталып, ал катышкан кинолор сөзсүз түрдө хитке айлангандыктан, өз өлкөсүнүн кинорежиссёрлорунун акча табуу куралына айланган. Бир эле учурда 5-6 киного тартылгандыктан, иш күнүн да ошончого бөлүштүрүүгө туура келген. Ал гана эмес, канча киного тартылса, ошончо жолу макияж сүртүп, ошончо жолу кийим которууга туура келгендиги актёрдун кыжырына тие баштайт. Мындан кийин тасмаларга тартылууну азайтканына карабастан учурда анын эсебинде 317 фильм бар.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Митхун Чакраборти Рана Рез деген псевдоним менен бийчи катары элге таанымал болуп турган кезде белгилүү фотомодель Хелен Льок менен жакын мамиледе боло баштайт. Көп узабай “Суракша” фильминен тапкан акчасына Хелен менен үйлөнүү тоюн өткөрөт. Ушул күндөн тартып анын үйүндө Хелендин ар түрдүү пародадагы сүйүктүү иттери алар менен чогуу жашай башташат. Буга чейин Митхун иттерге эмес, балык багууга кызыкчу. Бирок, азыркы учурда Митхундун 12 ити бар дешет. Тилекке каршы, жубайлар биргеликте көпкө жашашкан эмес. Дүйнө кыздарынын жүрөгүн жаралап, бир канча убакыт жалгыз жашаган. Бирок, Митхундун да жүрөгүн Йогита Бали аттуу актриса багынтып, экөө баш кошушат. Учурда ортолорунда 3 уулу, 1 кызы бар. Эл арасында «көптөгөн кинолордо бирге тартылган шериги, индия кинолорунун супер жылдыз айымы Шри Деви менен Митхундун мамилеси бар» деген ушак кептер жүрөт. Бирок, мындай ушактарды Митхун четке каккан. Анын дагы бир себеби, Индияда үйбүлөгө өтө камкор мамиле кылышат жана салттары да күчтүү эмеспи. Ал эми Йогита болсо үйбүлөсү үчүн артисттик карьерасын таштаган экен. Бир кездеги ачка, жокчулуктун айынан күнүнө бир гана ирет тамактанган Митхун учурда Индиядагы эң бай адамдардын катарына кошулууга жетишти. 1986-жылы эле мындай деңгээлге көтөрүлүп, көрүнүктүү адамдардын арасынан эң көп салык төлөөчү деп табылган. Актёр бош убактысында сүйүктүү жубайы жана балдары менен өзүнүн менчик фермасында малдардын арасында эс алганды жакшы көрөт. Митхундун улуу баласы Макакшай (Мимох деп эркелетишет) да актёрдук кесип менен алектенүүдө. Учурда “Жи­ми” аттуу киного тертылып жатат. Бул тууралуу “Мимох менден өткөн популярдуу актёр, бийчи боло алат. Анткени, анда талант бар жана Мимохтун бою менден узунураак, өзү агыраак”,- дейт Митхун. Легендарлуу актёр бир гана кино дүйнө­сүндө гана чектелбестен, бир канча мейманканалардын, киностудиялардын ээси.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]