Мичурин Иван Владимирович

Википедия дан

Мичурин Иван Владимирович (15(27). 10. 1855, азыркы РФ, Рязань областы, Пронский району, Мичуровка кыштагы – 7. 6. 1935, Мичуринск шаары) – биолог, СССРде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн илимий селекциясына негиз салуучу; СССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1935), ВАСХНИЛдин академиги (1935). Пронский уезддик окуу жайын бүтүргөн. Мичурин сорт аралык жана алыскы тегинен гибриддештирүү, гибридди онтогенездин закон ченемине байланыштырып багып өстүрүү ыкмалары, ментора ыкмасы, көчөттү баалоо жана тандоо, физикалык жана химиялык факторлордун жардамы менен селекция процессин тездетүү, тексиз гибриддештирүүнүн теориялык негизин иштеп чыккан. Мичурин аргындаштыруу үчүн баштапкы өсүмдүктү тандоо теориясын ачкан. СССРде көптөгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн райондоштурган. Мичурин жүзүм, кызыл өрүк, гилас ж. б. түштүктө өсүүчү өсүмдүктөрдү суук жакка (Түн. жактарга) өстүрүүгө жол ачкан. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Өсүмдүк генетикасы жана селекциясы боюнча жетишкендиктер үчүн ыйгарылуучу И. В. Мичурин атындагы алтын медаль белгиленген. Эмгектери: Соч., 2-е изд. М., 1948. Т. 1–4. Итог шестидесятилетних работ. М., 1950.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]