Мишель Майор

Википедия дан
Мишель Майор.

Мишель Майор (англ. Michel G.E. Mayor; 1942-жылы 12-январь) – Лозаннада туулган швейцариялык астрофизик, Женева университетинин астрономия бөлүмүнүн ардактуу профессору. Окумуштуу 2007-жылы официалдуу түрдө бааракыга чыкканына карабастан ал Женева обсерваториясынын илимий кызматчысы катары иштеп келет. 2010-жылы Майор Viktor Ambartsumian эл аралык сыйлыгынын кош-жеңүүчүсү болуп 2015-жылы Киото сыйлыгынын толук укуктуу жеңүүчүсү болгон.

Дидье Кело менен бирге окумуштуу 1995-жылы 51 Pegasi күн сымал жылдыздын айланасында табылган 51 Pegasi b алгачкы экзопланетасын ачкан.

Окумуштуу 1966-жылы Лозанна университетинде физика адистиги боюнча магистр даражасын алган, ал эми 1971-жылы Женева обсерваториясында астрономия илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алган. Доктордук диссертациясынын ичине "Күн айланасындагы жылдыздардын кинематикалык касиеттери: галактикалык спиралдык түзүлүш менен мүмкүн болгон мамилелештик боюнча эссе" (англ. "Essay on the kinematical properties of stars in the solar vicinity: possible relation with the galactic spiral structure") кирген.

Окумуштуу Кембридж университетинин Астронимия институтунда кыска мөөнөт ичинде окуган, ошодой эле ал Чилидеги Европалык түштүк обсерваториясында жана Гавайи университетиндеги Астрономия институтунда илимий иштер үчүн берилүүчү тыныгуусун өткөргөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]