Москва (дарыя)

Википедия дан
Москва
Москва (Мөскөөда)
Москва (Мөскөөда)
Мүнөздөмө
Узундугу 473 км
бассейндин аянты 17 600 км²
Суу чыгымы 109 м³/с
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 09010101012110000023004

Москва (дарыя) – Москва, айрым бөлүгү Смоленск облусу аркылуу аккан дарыя, Оканын сол куймасы. Узундугу 473 км, алабынын аянты 17,6 миң км2. Смола-Москва дөңсөөсүнөн башталат. Кар, ошондой эле кыртыш, жамгыр сууларынан куралат. Негизги куймалары: Руза, Истра, Яуза (сол), Пахра, Северка (оң). Орточо чыгымы 109 м3/сек. Ноябрдан апрелге чейин тоңот. Агымы суу сактагычтар (Можайск жана башкалар) жана плотиналар менен жөнгө салынган. Москва атындагы канал жана Вазуза гидротехникалык курулмасы аркылуу Волга менен туташат. Суу менен камсыз кылууда жана кеме каттоодо пайдаланылат. Москва шаарынын чегинде жана андан төмөн кеме жүрөт, шлюздар курулган. Боюнан Можайск, Москва, Воскресенск, Коломна жана башкалар. шаарлар орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]