Мосул

Википедия дан
Мосул (Тигр).

МосулИракдын түндүгүндөгү шаар. Тигр дарыясынын боюнда жайгашкан порт. Найнава мухафазасынын (Административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 3,3 млн (2012); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Багдаддан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. 21-кылымдын башынан активдүү согуш аракетинен дээрлик өнөр жайы бүт талкаланып, 2000-жылдан калыбына келтирилүүдө. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (анын ичинен маслина өндүрүшү), тамак-аш, булгаары–бут кийим, металл иштетүү өнөр жайы ишканалары иштейт. Моселдун аймагынан нефть казылып алынат.

Ассириянын байыркы шаары Ниневиянын (биздин заманга чейинки 5 миң жылдык) жанында биздин заманга чейинки 700-жылы ченде негизделген деп божомолдонот. Мосул музейи (Ниневия, Нимруд, Хатра жана башка жерлерден табылган археологиялык табылгалар; 2003-жылы таланган) бар. Шаарда 12–13-кылымдын архитектуралык эстеликтери [Нур-ад-Дин чоң мечитинин (1942-жылы бузулган) минарети (12-кылым) сакталган]. Мосел – Ирактын илим менен билиминин түштүк борбору. Университет, музей бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]