Мун Чжэ Ин

Википедия дан
Мун Чжэ Ин
кор. 문재인, 文在寅
Мун Чжэ Ин
Желек
Желек
Корея Республикасынын 12-чи президенти
желек
желек
 10-май 2017
Өкмөт башчысы: Ли Нагён
Андан мурунку: Пак Кын Хе

Хван Гё Ан (м. а.)

Желек
Желек
Тобуро демократиялык партиясынын төрагасы
9-февраль 2015 — 27-январь 2016
Желек
Желек
Кореянын улуттук жыйынынын 19-чакырылышынын мүчөсү
30-май 2012 — 29-май 2016
 
Жарандыгы: Корея Республикасы
Дини: католицизм
Туулган жери: Кочжэ, Кёнсан-Намдо провинциясы, Түштүк Корея
Атасы: Мун Ёнхён
Апасы: Кан Ханок
Жубайы: Ким Жонсук
Балдары: Мун Жунён (баласы), Мун Дахе (кызы)
Партиясы: Кореянын демократиялык партиясы
Билими: Кёнхи Ууиверситети
Кесиби: юрист
 
Аскердик кызматы
Жарандыгы: Корея Республикасы
Кызмат өтөгөн жайы: Десантные войск командования сил специальных операций сухопутных сил Республики Корея
Наамы: Капрал

Мун Чжэ Ин (кор. 문재인; 24-январда Кёнсан-Намдо провинциясындагы Кочжэ шаарында туулган. Биринчи жогорку билимди Кёнхи университетинен укук жаатында алган. Ал студенттерди уюштуруп, Юсиндин конституциясына каршы чыккандыгы үчүн окуу жайдан чыгарылган. Мындан сырткары, сегиз айга эркинен ажыратылып, андан соң аскер деңиз кызматына чакырылган. Жаш саясатчы атайын даярдыктагы түштүк кореялык аскерлердин катарында туруп, 1976-жылы Пханмунжоме согушуна катышкан.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылы — юридикалык практика менен алектениш үчүн мамлекеттик экзамен тапшырып, судья болууга аракеттенип, бирок акцияга катышкандыгы үчүн кабыл алынбай калган. Мындан кийин адвокат болуу максатында Пусан шаарына кетип, ал жерден Түштүк Кореянын президенти Но Му Хён менен жолугат.

Эмгек жолу:

2002 — президенттикке аттанган Но Му Хёнду колдоп, анын командасында иштей баштаган; 2003-2004 — президент Но Му Хёндун администрациясында иштеген; 2004-2005 — жарандык коом боюнча ага катчы; 2005-2006 — жарандарга байланыштуу суроолор боюнча ага катчы; 2007-2008 — президент администрациясынын жетекчиси; 2009 — аткаруучу директор; 2010 — Но Му Хёндун фондусунун башкармалыгын жетектеген; 2012 — оппозициянын атынан президенттик шайлоого катышып, 48 пайыз добуш топтоп, ошондогу талапкер айым Пак Кын Хеге утулуп калган; 2012-2016 — Кореянын улуттук жыйынынын 19-чакырылышынын мүчөсү 2015-2016 — Кореянын демократиялык партиясынын төрагасы 2017-жыл, 9-май — Түштүк Корея республикасынын президенти