Мурадели Вано Ильич

Википедия дан

Мурадели Вано Ильич- (24. 3(6. 4). 1. 3, Горн— 14. 8. 1970, Томск, сөөгү Москвага коюлган) — сов. композитор, СССР эл арт. (1968).

  • 1942-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1931-ж. Тбилиси консерваториясын бүтүп, композиция классы боюнча С. В. Бархударяндан, дирижёрлук классы боюнча М. М. Багриновскийден таалим алган.
  • Кийин Москва консерваториясында Б. С. Шехтердин жанa Н. Я. Мясковскийдин жетекчилиги менен билимин тереңдеткен.
  • 1942—44-ж. СССР АДФтин ансамблинин начальниги ж-a көркөм жетекчисп; 1939—48-ж. СССР муз. фондусуна, 1959—70-ж.
  • РСФСР композиторлор союзунун Москва бөлүмүнүн башкармасына пред-ль.
  • Мураделинин чыглары патриоттук, гражд. мотивдер ы-н ширелип, бүгүнкү замандын башкы маселелерин чагылдырган. Ал «Улуу достук» (1947; 2-редакциясы, 1960) операсын, «Кок коз кыз» (1966) ж-a «Москва—Париж—Москва» (1968) аттуу оперетталар, 2 симфония (1938— 1945), о. эле көптөгөн ырлар («Москвага гимн», «Эл аралык студенттер союзунун гимнп», «Партия — биздин башчыбыз», «Тынчтык үчүн күрөшкөндөрдүн ыры», «Россия — мекеним менин», «Бухенвальд жацырыгы» ж. б.) жазган; кыргыз-орус элдеринин улуу достугуна арнаган «Коммунизм оттору» деген ыры бар.
  • СССР мамл. сыйл. (1946, 1951) лауреаты.
  • Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.