Муслим Магомаев

Википедия дан

Магомаев Муслим Магометович (17. 8. 1942, Баку – 25. 10. 2008, Москва) – азербайжан совет ырчысы (баритон), композитор, СССР эл артисти (1973). Азербайжан консерваториясын бүткөн (1968), Ла Скалада стажировкада болгон. Хельсинкиде Жаштар менен студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалында «Бухенвальд коңгуроосу» (В. Мурадели) ырын аткарып белгилүү болгон. 1969-жылы Сопоттогу эстрада ырчыларынын эл аралык конкурсунда биринчи сыйлык алган. 1963-жылдан Азербайжан опера жана балет театрынын солисти, ырдаган партиялары: Фигаро (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), Скарпиа (Ж. Пуччини, «Тоска») ж. б. 1975–89-жылдары Азербайжан эстрадалык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси. Совет өлкөсүндөгү эң белгилүү ырчы болгон. Композитор катары эстрада оркестри менен фортепьяно үчүн эки фантазия (1974, 1978), эстрадалык симфониялык чыгармаларды, ырларды жараткан «Менин сүйүүм – обон» китебинин автору. .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]