Мусхелишвили, Николай Ивано­вич

Википедия дан

Мусхелишвили, Николай Ивано­вич (4(16). 2. 1891, Тбилиси—15. 7. 1976, ошол жерде) — советтик математик жанa механик, СССР ИАнын акад. (1939; корр. мүчө, 1933) жанa Прези­диум мүчөсү (1957).

  • ГССР ИАнын акад. (1941), президента (1941—72) жанa 1972-жылдан ардактуу президен­ти, Социалисттик Эмгек Баатыры (1945).
  • 1940-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Петербург университеттин бүтүргөн (1914), 1922-жылдан Тбилисидеги университтин жанa политех, институттун профессору 1941-жылдан ГССР ИА­нын А. М. Размадзе атн. Тбилиси математика институттун директору.
  • Ал серпилгич теориясын, интеграл теңдемелерди, функция теориясынын чек маселелерин ж. б. изилдеген.

Мусхелишвили биринчилерден болуп серпилгич теория маселелерине комплекстүү өзгөрмө функ­ция теориясын колдонгон. Ошондой эле ал аналитик функциянын сызыктуу маселелер теориясына жанa өзгөчө ядросу бар бир чендүү интеграл теңдемелерге өз салымын кошкой. Ага сингулярдык интеграл теңдемеси үчүн индекстин негизги формулами таандык. СССР Жогорку Советиннн (1—8-шайл.) депутаты. Мусхелишвили — көптөгөн чет өлкөлүк академиялардын, ошондой эле илим мекемелердин жанa коомдордун мүчөсү. СССР мамлекеттик сыйлыгын (1941, 1947) лауреаты. М. В. Ломоносов атн. Алтын медаль (1972), 5 Ленин ордени, Октябрь Ре­волюцияси, башка 2 орден жанa медалдар, ошондой эле чет өлкөлүк 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.