Надир шах Мухаммед

Википедия дан

Надир шах Мухаммед (9. 4. 1883, Индия, Дехрадун шаары - 8. 11. 1933, Кабул) - Афганстандын королу (1929-33). Индиядагы аскер окуу жайын бүтүргөн. Фарсы, пушту, урду, англис, француз жана башка тилдерди жакшы билген. 1901-жылы Афганстанга кайтып келип, афган армиясында кызмат өтөгөн. 1903-17-жылы капитан наамында батальондун командири, Кабул гарнизонунун башчысы, башкы командачы, 1919-жылы үчүнчү Англия Афган согуштарынын мезгилинде афган күчтөрүнүн командачысы, 1919-24-жылы аскер министри жана жогорку командачы, 1924-27-жылы Афганстандын Франциядагы элчиси, 1929-жылы мекенине кайткан сон, Хабибулла Вача-и Сакаонун көтөрүлүшүнө каршы күрөштү башкарган. Надир шах королдук бийликти колуна алгандан кийин өлкөгө экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзгөн. 1931-жылы жаңы конституция кабыл алып, мыйзам алдында бардык жарандар бирдей жана тең укукта деп жарыялаган. 1932-жылы Кабулга улуттук банк, медициналык мектеп, Кабул университетин ачкан. 1933-жылы Надир шах эмир-реформатор Аман-Аллахтын талап-таштарынын колунан атылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]