Надым

Википедия дан
Надым.

Надым - Ямал-Ненец автономия округундагы шаар (1972-жылдан), Надым районунун административдик борбору. Надым дарыясынын боюнда жайгашкан. Батыш Сибирдин эң түндүгүндөгү ири шаарлардын бири. Экологиялык абалы адамдардын жашоосу үчүн (нефть жана газ кендерин казуунун негизинде) өтө жагымсыз. Калкы 47,3 мин (2012). Табигый газ казылып алынат (Аюулуу кени). Урал - Волга бою - Борбор газ куурларынын баштапкы пункту. Шаарда газ өндүрүүчү, «НОВАТЭК» өндүрүшү иштейт, сүрөт галереясы, Ыйык Никола храмы, мечит бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]