Фритьоф Нансен

Википедия дан
Нансен Фритьоф‎»‎ барагынан багытталды)
Фритьоф Нансен (1897).

Нансен Фритьоф [10. 10. 1861, Норвегия, Кристианияга (учурда Осло) жакын Стуре-Фрёен чарбагы – 13. 5. 1930, Ослого жакын Люсакер чарбагы] – норвегиялык саякатчы, океанограф, Арктиканы изилдөөчү, коомдук ишмер. 1897-жылдан Кристиания (Осло) унтинде профессор, Петербург ИАнын чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү (1898).

«Фрам» (1893).

1888-жылы алгачкылардан болуп Гренландияны лыжа менен кесип өтүп, анын ички райондору муздук менентекши капталганын аныктаган. Ал 1893–96-жылы «Фрам» кемесинде саякат жасап, океанографиялык жана климаттык байкоо жүргүзгөн. Түндүк Муз океаны тайыз экендигин жокко чыгарып, анын суу массасынын структурасын, пайда болушун аныктаган; муздун кыймылына Жер шарынын суткалык айлануусунун тийгизген таасирин ачкан. 1900-жылы Түндүк Муз океанындагы агымдарды изилдөөчү экспедицияга катышып, атлантикалык жылуу суу акваторияга кирерин аныктаган, бир нече аралды жана Кара (Карск) деңизиндеги 3 архипелагды ачкан. 1913-жылы Түндүк Муз океанынын жээгин бойлой Енисейдин чатына чейин, андан соң Чыгыш Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын түштүгүнө саякат жасаган. Анын ысмынан Гренландия аралы менен Шпицберген архипелагынын ортосундагы суу астындагы босого, Франц Иосиф Жериндеги аралдардын бири, Канада арктикалык архипелагындагы кысык жана башка аталган. 1920–21-жылы Норвегиянын Улуттар аралык лигадагы өкүлү, Аскер туткундарынын иштери боюнча жогорку комиссар, Россиядагы ачкачылыктан жабыркагандарга жардам берүүнү уюштуруучулардын бири. Ага 1922-жылы Эл арасында тынчтыкты чыңдаганы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]