Насир Хосров

Википедия дан

Насир Хосров Абу Муин аль-Кубадияни аль-Марвази (1004, Балх шаарына жакын Кубадиян кыштагы – 1072 (1088), Бадакшан, Йомган кыштагы) — фарсы акыны, философ, дин кызматкери. 1046-52-жылы Египетке саякаттап «Саякат китебин» жазган. Кайтып келгенден кийин Балх шаарынан еретик катары айдалган. Өмүрүнүн акыркы жылдары Бадакшанда (Памир) өткөн. Адабий мурасы - диний-философиялык трактаттар, 12 мин бейттен турган диван жана «Ровшанайи-наме» аттуу поэма. Анда Исмаилиддердин идеологиясын чагылдырган. Н. X. сарай ырчылар поэзиясын сындап, талоончул селжук феодалдарынын бетин ачкан. Н. X. философиялык касыйда жана дидактикалык поэма жанрын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]