Наташа Королева

Википедия дан
Наташа Королёва
орус. Наташа Королёва
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Наталия Владимировна Порывай

Туулган датасы

31 -май 1973(1973-05-31) (50 жаш)

Туулган жери

Киев, Украин ССРи, СССР

Өлкө

СССР желеги СССР Орусия

Кесиптери

ырчы, актриса

Жанрлары

поп

Активдүү жылдары

1985 — азыркы учурда

Кызматташтык

Игорь Николаев,
Тарзан,
Александр Маршал

Сыйлыктары
koroleva.ru

Наташа Королёва, нукура ысымы Наталия Владимировна Порывай (укр. Наталія Володимирівна Поривай; төр. 31-май 1973, Киев) — Теги украиналык , СССРдин жана орусиянын эстрада ырчысы жана ошондой эле актрисасы. Орусиянын Эмгек сиңирген артисти (2004)[1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наташа Королёва 1973-жылы 31-майда, Украинанын Киев шаарында туулган. Алгач саханага 1976-жылы үч жашында балдар хорунда "Крейсер Аврора" аттуу ырды ырдап чыккан. Жети жашында музыкалык мектепке кирген. Ал "Жёлтые тюльпаны", "Дельфин и Русалка", "Маленькая страна" ж.б. ырлары аркылуу көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланып, 2004-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон. Ал эми 2013-жылы ноябрь айында сахнадан кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок кийин бул сөз чын эместигин ырчы өзү тастыктап, декабрь айында "Стояла и плакала" клипи менен чыккан.

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Жёлтые тюльпаны» (1990)
  • «Дельфин и русалка» (1992)
  • «Поклонник» (1994)
  • «Конфетти» (1995)
  • «Бриллианты слёз» (1997)
  • «Сердце» (2001)
  • «Осколки прошлого» (2002)
  • «Веришь или нет (плюс Тарзан)» (2003)
  • «Рай там, где ты» (2006)
  • «Магия Л…» (2015)
  1. Почётное звание присвоено Указом Президента России № 34 от 15 января 2004 года. Текшерилген күнү 18 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 22 -февраль (бирдин айы) 2014.