Незвал Витезслав

Википедия дан

Незвал Витезслав (26. 5. 1900, Моравия, Бискоупки – 6. 4. 1958, Прага) – чех акыны, Чехословакия эл сүрөтчүсү (1953). 1919–22-жылы Брно жана Прага университеттеринде окуган. Ырларын 1919жылдан жарыялай баштаган. Лирикаларында жакшылык менен жамандыктын, прогресс менен реакциянын күрөшүн чагылдырып, чыгармачыл эмгекти, дүйнөнүн көркөмдүгүн ырга кошкон. «Кичинекей сыйкырчы» (1922), «Пантомима» (1924), «Розалуу бакча» (1926), «Эдисон» (1928), «Мезгил кабары» (1931), «Пруссиялыктар» (1939) жана башка поэмаларында мекенди даңазалоо, фашисттик коркунучка каршы чыгуу ачык байкалат. «Улуу куранттар» (1949), «Канаттар» (1952) ыр жыйнактарында, «Тынчтык ырында» (1950; Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк Советинин Алтын медалы, 1953), «Туулган жер тууралуу» (1956) поэмасында заманбап адамдын рухий байлыгын даңктоо, тынчтык үчүн күрөш драматизми айкын көрүнөт. Н. прозада, драматургияда, котормодо жемиштүү эмгектенген, о. эле шыктуу композитор жанасүрөтчү да болгон. Чыг.: Избранное, М., 1960; Стихи. Поэмы. М., 1972; Ырлар (которгон Т. Кожомбердиев). Ф., 1972.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]